www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун канча толкуну бар, андан сактанган вакцина тукумсуздукка алып келеби?Казыркы учурда коронавируска каршы айыктырабы же акча жасаганыбы вакциналар менен бул дартттын толкундары көбөйдү. Индияда төртүнчү толкун башталса, бешинчи., алтынчы толкунду күтүп жатышат. Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин «Уу коргошуну» тууралуу укпай эле, азыр ар бир мамлекет вакцинаны сатып  байып алыш үчүн өз вакциналарын чыгарып жатат. Вакцина бизнес эмес, бул адамдардын өмүрү же өлүмү. Дүйнө токтоп турбай бул убакыт аралыгында адамзат 7,5 миллиардга көбөйдү. Билл Гейтс сыяктуу миллиардерлер Мальтустун адамзатты азайтуу тууралуу мыйзамдарына таянып, демографиялык жарылууну токтотуп, адамзатты тукумсуздукка алып келүү үчүн жан үрөп жатканда, коронавируска каршы вакциналарга тукумсуздуктун дарысын аралаштырып коюшу ыктымал. Мутацияланган вирус кишини кайрадан ооруга чалдыктыргандыктан COVID-19дун жаңы толкунунун жаралуу тобокелдиги күч болууда. Коронавирустан жарандардын сактануу жаатында тиешелүү жооп болбогондуктан коронавирустун төртүнчү, бешинчи, алтынчы, андан кийинки толкундарын кооптонуу менен келе берет. Инфекцияны жуктуруп алгандан кийин баарыбыз көрүп-билип калгандай иммунитет алсырайт. Эгерде вирус мутация болуп түрүн өзгөртсө, ал адамдарды кайрадан эле каптап, жугуп, оорута берери шексиз. Азыр коронавирус инфекциясы бир катар өлкөлөрдө, шаарларда кайрадан арбын жайылып, эл көп ооруп жатат. Маселен, Орусиянын борбор калаасы Москвада коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан тогуз күн бою ишке чыкпоо боюнча жарлык чыгып, локдаун жарыяланды.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында "Спутник V" вакцинасын каттаган. COVID-19га каршы бул препаратты Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары ойлоп тапкан.

Орусиянын "Спутник V" вакцинасын алгандар тукумсуз болуп калбайт, себеби препарат адамдын организминде көптөн бери жашаган аденовирустун негизинде жасалган. Бул тууралуу  Орусиянын Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун жетекчиси Александр Гинцбург билдирди. "Спутник V" вакцинасынын курамындагы "Компонент I" жана "Компонент II" аденовирус 26 менен аденовирус 5тин негизинде жасалган. Булар адамга илгертеден бери тааныш вирустар.

"Эволюциялык көз карашта дагы, заманбап медицинанын жакынкы байкоолорунда да вакцина терс таасирин тийгизбейт. Аденома вирустарын курч респиратордук инфекциялар сыяктуу жеңил жана оор түрүндө ондогон жылдар бою жуктуруп, айыгып келдик. Эч ким мындан тукумсуз болуп же репродуктивдик системасына доо кеткен эмес. Медициналык протоколдордо дагы аныкталган жок", — деп белгилеген Гинцбург.

"Спутник V" адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Эки ирет эмдөөдө ар кыл эки вектор колдонулуп, ал узак мөөнөттүү иммунитетти берет. Ошондой эле Орусияда дагы "ЭпиВакКорона", "КовиВак" жана "Спутник Лайт" вакциналары бар.

Немис Biontech компаниясынын негиздөөчү өнөктөшү жана башкы жетекчиси доктор Угур Шахин: «Эгерде биз жетиштүү деңгээлде этият болбосок кээ бир жерлерде төртүнчү толкунга туш болушубуз мүмкүн»,- деп коронавирустун (Ковид-19) учурларынын көбөйүшү мүмкүн экендигин айтты. Бейтаптардын санынын көбөйүшү 4-толкунга ишара кыларын баса белгилеген Шахин, Delta вариантынан этият болуу керектигин баса белгиледи.

Угур Шахин Британияда адамдардын 50 пайызга жакыны вакцинанын экинчи дозасын алганына карабастан Delta варианты дагы деле жайылып жатканына көңүл бурду. Эмделгендерине ишенгендерди да эскерткен Шахин, эмдөөдөн 6 ай өткөндөн кийин антителонун деңгээли төмөндөп кайрадан эмдөөгө муктаждык болгонун эске салды. Шахин вакцина өндүрүшүн көбөйтүүнү пландаштырып жатышкандыгын да баса белгиледи

Коронавирустун "Дельта" деп аталган жаңы вариантынын тездик менен жайылып баратышы Англияда тынчсызданууну күчөттү. Лондондогу империялык коллеж өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялап, вирустун бул түрүнөн улам май айынан бери инфекция 50% көбөйгөнүн билдирди. Буга чейин Борис Жонсон жетектеген британ өкмөтү "Дельтага" байланыштуу чектөөлөрдү жеңилдетпей туруу чечимине келген. Британиядагы чоң адамдардын жарымынан көбү толук эмдөөдөн өттү. Ал эми төрттөн үч бөлүгү вакцинанын кеминде бир дозасын алды.

АКШдагы саламаттык сактоо тармагындагы адистер дагы "Дельта" вариантынын жайылышынан улам камтамачылыгын билдирип жатышат. Кошмо Штаттарда коронавирусту жуктуруп алгандардын жана андан көз жумгандардын күнүмдүк көрсөткүчү кыштан бери 90% төмөндөдү. Анткен менен АКШнын айрым аймактарында эмдөө жай жүрүп жатат. Маселен түштүктөгү Миссисипи штатында жашагандардын 28% гана вакцина алышты.

Эксперттер азыркы вакциналардын бардыгы "Дельта" вариантына туруштук бере аларын айтканы менен, вирустун бул түрү эмдөө кеч жүрүп жаткан штаттарды капташы мүмкүн деген кооптонуу бар. АКШда коронавирустун дельта вариантын жугузуп алгандар май айында 2,7 пайыз болсо, июнда 9,7 пайызга жетти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, алгач Индияда табылган бул вариант учурда дүйнөнүн 80 өлкөсүнө жетти. Адистер коронавирустун бул түрү башкаларына салыштырмалуу тез жайыла турганын айтып жатышат.

Кыргызстанда медицина тармагы боюнча тиешелүү жетекчилер коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы байкалып жаткандыгын айтышты. COVID-19 акыркы учурда көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууга чектөө коюуну Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб сунуштады. Штаб кеп учурда коронавирус инфекциясы көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарлары, Чүй жана Ош облустары туурасында болуп жаткандыгын, башка облустарда жашагандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин бул аймактарга барбай турууну айтты.

Ошондой эле жарандарды медициналык бет каптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырабыз. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан кармануу сунушталат. Кыргызстанда акыркы айларда COVID-19 Бишкек менен Чүйдө көп катталса, эми ал тенденция Ош аймагында байкалууда.

Баш калаа Бишкектеги төрт райондун бардыгы коронавирус жуктургандар көбөйгөндүктөн "кызыл зонага" кирди. Апрель айында шаардын эки району гана "кызыл зонада" болчу. Алар Биринчи май жана Ленин райондору эле. Бүгүнкү күндө бардык төрт райондо тең абал курчуду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости