www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку маалымат боюнча, "кызыл" зонада 16 кош бойлуу аял жатат, анын ичинен экөөнүн абалы оор.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткенине байланыштуу кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга кайрылуу жасады.

Январь айы башталары менен Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдар кескин түрдө көбөйүүдө.

Мындай кырдаалдан улам Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмү профилин өзгөртүп, COVID-19га кабылган кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарды, ымыркайларды кабыл алууга өттү.

Маалыматка ылайык, 16-январга карата "кызыл" зонада 16 кош бойлуу аял жатат, анын ичинен экөөнүн абалы оор. Аларды дарылоочу дарыгерлердин курамында инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатологдор бар. Муктаждыкка жараша башка адистерден консультация алынат. Онлайн-консультация үчүн мультидисциплинардык топ түзүлгөн. Бейтаптарды кабыл алуу жана жаткыруу облустук координатор менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарды төмөнкү сунуштарды эске алууга чакырат:

социалдык аралыкты (кеминде 1-1,5 метр) сактаңыздар;

коомдук жайда бет кап тагыныңыздар, өзгөчө аралыкты сактоого мүмкүн болбогон жабык имараттардын ичинде;

гигиенаны сактап, колду тез-тез самындап жууп, курамында спирт камтылган антисептик менен тазалап туруңуздар;

COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүңүздөр;

жөтөлүп же чүчкүрүп атканда оозу-мурдуңузду чыканак же кол аарчы, салфетка менен жабыңыздар;

эгер демиңиз кысылып жатканын сезсеңиз, үйдөн чыкпаңыз;

дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөл токтобой же дем жетпей баштаса медициналык жардам сурап кайрылыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости