www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Казакстан менен чек арасын 15-январдан тартып убактылуу жапканын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирип, мындай чара коронавирустун “омикрон” штаммынын жайылышына каршы көрүлүп жатканын белгиледи.

Учак менен каттагандарга, расмий делегациялардын мүчөлөрүнө, айрым кызмат адамдарына жана башка бир катар категориядагыларга мындай чектөө коюлбайт.

Кыргызстан тараптан автожол аркылуу каттагандар да ПЧР анализинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот.

15-январдан тартып өлкөгө кирип жаткан бардык адамдар ПЧР тестинин жыйынтыгын көрсөтүп, экспресс-антиген тест тапшырууга милдеттүү болот. Транзиттик жүргүнчүлөрдөн тест талап кылынбайт.

Казакстанда соңку төрт күндөн бери коронавирус көрсөткүчү көбөйүүдө. Кечээтен бери 13 миңдей бейтап жаңы катталды, жети адам каза болду.

Өзбекстанда да ооругандар көбөйүп жатат. Соңку бир суткада эки бейтап каза болду, 876 адам жаңы катталды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости