www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жакырчылыкты жеңүүнүн жаңы модели пайдаланылат

Кыргызстанда жакырчылыкты жеңүүнүн жаңы модели ишке аша баштайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Рам Сараванамутту менен жолугушуусу учурунда айтты.

Базарбаев учурда дүйнө жүзүндө колдонулуп жаткан азык-түзүк алуу үчүн эмгек кылуу модели тууралуу айтып берди.

"Бул программа Кыргызстанда дагы эффективдүүлүгүн көрсөттү. Учурда министрлик БУУ менен биргеликте калкты жакырчылыктан алып чыгуунун жаңы механизмдерин киргизип жатат. Мындан ары калктын аялуу катмары өз алдынча оокат кылып, чакан ишкерлик баштоосу үчүн өкмөт активдүү аракеттерди көрө баштайт", — деди Кудайбергенов.

Активдүү аракет катары калкты киреше табуу үчүн мобилизациялоо жолдору каралган. Мисалы, техникалык билим берип, айыл чарба тармагында биргелешип иш алып барууга үйрөтүү.

Эске салсак, 2020-жылы ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашай турганы аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости