www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустан толук айыккан кытайлык Цзян аттуу айым коронавирустан толук айыгып кеткен.
44 жаштагы Цзян Чунцин шаарында төрөлүп, акыркы бир нече жылдан бери Уханда иштеп, жашап жүргөн. Цзян Чунциндеги борбордук "Санься" ооруканасынан дарыланып чыккан. Ал ооруга кандайча кабылып, айыккандыгы тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"15-январда жаңы жыл тосуу үчүн үйүмө баргам. Жолдошум мени темир жол бекетинен тосуп алып, абалымды байкап калып ооруканага жеткирди. Бир нече күн дарыланганыма карабай, оң жыйынтык чыкпагандан соң, 21-январда Ваньчжоу районундагы "Санься" борбордук ооруканасына жаткырышты. Ошол жерден изоляторго жаткырышып, коронавирустун жаңы тиби менен козголгон пневмония дартына чалдыкканым такталды", — деп айтып берди.
Цзян өзү жашаган шаардагы коронавирус менен жабыркаган алгачкы адам.
Цзян айымга ооруканада медицина кызматкерлери камкордук менен мамиле кылышкан. Алар заманбап медицинадан сырткары элдик медицинаны колдонушканын да жашырган эмес.
"Акыркы учурда айыга баштаганым билинип, дарыгерлер мага ооруканадан кетүүгө уруксат беришти. Акысыз дарыландым.
Бул оору коркунучтуубу деп көп сурашат. Эң негизгиси өзүң коркпой, болушунча жакшы сактанып, бет капсыз жүрбөй, колду тез-тез жууш керек. Эгер оорунун белгилери байкалса, токтоосуз дарыгерлерге кайрылуу зарыл", — деп адамдарга кайрылган.
Эске сала кетсек, бүгүн вирустан 213 киши каза болуп, 10 миңге жеткендиги маалымдалды.
Булак: NazarNews.kg