www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант шаарында жайгашкан Россиянын аскер авиабазасы "Урал" аталышындагы 13 армиялык жүк ташуучу унаа менен толукталды. Автоунаа кузовунда кең калибрдүү пулеметтун болушу менен айырмаланып турат. Бул тууралуу жегиликтүү маалымат булактарынын бири РФтин Коргоо министрлигинин борбордук аскер чөлкөмүнүн маалымат кызматына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, курал-жарак кызматынын адистери унааларды сооттоп чыгышкан. Алар автокөлүктөрдүн кыймылдаткычтарын, кабина жана кузовунун десанттык бөлүктөрүн бекемдешкен. Жүк ташуучу унаа бир эле убакта ок менен сыныктардан жеке бөлүктү жана кыймылдаткычты коргой алат. Ошондой эле, жогорку мобилдүүлүккө ээ. Жүргүнчү отурган жеринде, тагыраагы, кузовунда ок чыгарганга ылайыкталган жери бар.

Мындан тышкары, кичи калибрлүү зениттик пулеметторду орнотуу үчүн айланып туруучу жабдык коюлган.

Белгилей кетсек, бул унаалар террорчулукка каршы аракеттерде колдонулары айтылды.

Автокөлүктөр буга чейин ЖККУнун Тажикстанда өткөн окуусунда колдонулган. Анда экипаж башка танктарга аскер аракеттерди көрсөтүп машыгышкан.

Базанын карамагында Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар экендиги кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости