www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евгений Примаков менен Касым-Жомарт Токаевдин окшоштуктары Саясат Союз учурунда кɵп тармактарда белгилүү мамлекеттик саясий ишмер, чыгыш-окумуштуусу, кɵрүнүктүү экономист, Россия Федерациясынын саясий жана илимий багыттарга кɵп салымдарын кошкон, 1991-96-жылдары тышкы чалгындоо бɵлүмүн, 1996-98-жылдары тышкы иштер министри, 1998-99 жылдары Ѳкмɵтүн, кɵп жылдары 2001-2011- жылдарга чейин РФнын соода палатасын жетектеп келген бардык жактан кɵсɵм жетекчи Евгений Примаков болгон. Ал 29-октябрь 1929-жылы Киев шаарында туулган.

Евгений Примаковдун ɵз энеси Кыргызстандын ɵкмɵтүндɵ 1927- жылы Жусуп Абдрахманов менен ɵтɵ тыгыздыкта Мария Яковлевна деген ат менен чогуу иштеген. Ошол туулган күндɵн баштап ɵз энеси Киршенблат Анна Яковлевна үч айдан кийин Сталиндик репрессиясына экинчи жолу кабыл болуп, айласыздан Тбилиси шаарында жашаган туугандарына качууга туура келет.

Евгений Примаков туулган күндɵн баштап ɵз атасын такыр кɵргɵн эмес, атасы тууралуу да эч нерсе билген эмес.Энеси Анна Яковлевнанын негизги максаты баласын эптеп багып, чоңойтуу болгон, ɵмүр бою ар кайсы жерлерде акушер-гинеколог болуп иштеген. “Киршенблат” дегени - Анна Яковлевна Киргизская АССРде иштегендигин байланыштырып Киршенблат деген фамилия жаздырган. Энесинин ага болгон кɵз карашын жаш болсо да баамдап, Евгений ɵзүнчɵ айлана чɵйрɵдɵ жалгыз тарбияланып, келечекте ɵз мекенинин чыныгы мекенчил адамы болуп чыга келди.

Евгений Примаков 14 жашка чейин жɵнɵкɵй коммуналкада жашаган, бирок, энесинин ишке тың мамилеси аркылуу ачка болуу эмне экенин такыр сезбей чоңойду. Энеси Анна Яковлевна баласына кылган эмгегин тестиер кезинен түшүнүп, Евгений Примаков да ɵзүнүн окуусун тырышып жакшы окуп, ийгиликтүү окуганына байланыштуу 7-класска чейин окуп, ошол кездеги СССР ИИМдин Баку шаарындагы Аскер-деңиз даярдоо курсуна кабыл алынат.

Бирок, тилекке каршы ал окуу жайында 2-курска келгенде туберкулёз оорусунун жеңил формасына айланган ооруга чалдыкканына байланыштуу окуудан чыгарылган. Айласыздан кайра ɵзү окуган мектепке кирип билимин уланткан. Жаш кезинен тырышчаак эмгегинин натыйжасында 1948-жылы Тбилисидеги № 14 мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, эч таанышсыз Москвадагы айтылуу Востоковедение институтуна ɵткѳн.

Ал институтту ийгиликтүү бүтүргɵндɵн кийин, Москвадагы М.В.Ломоновов атындагы университетине тапшырган, ал окуу жайды да ийгиликтүү бүтүргөн. 1956-жылы бул университеттин Экономик факультетинин аспирантурасын бүтүргѳн, 1959-жылы Экономика илимдеринин кандидаты наамы үчүн диссертация жактаган. Андан кийин чет мамлекеттерге радио берүү Башкы редакциясында жɵнɵкɵй кабарчыдан баштап башкы редакторлук орунга чейинки жолду басып ɵткɵн.

Келекчекте РФнын премьер-министри кызматына чейин жеткичекти ушул журналистика багытында 1970-жылга чейин ийгиликтүү жакшы иштеди. Ушул жылдардан кийин анын турмуштук карьерасы кескин илим жагына бурулат, 1970-жылы адегенде Москвадагы Дүйнɵлүк экономика институтунда директордун орун басары болуп 7 жыл иштеп, андан кийин ал институтту жетекчилик кызматында иштеп, профессор, академик, дүйнɵлүк экономика мамилелер боюнча академик-секретарь иштеринде да иштеген.

Эмгек жолунда жылдызы ачылып, 1989-жылы КПСС БКнин мүчɵсү болуп кабыл алынган. Бир жылдан кийин Президенттик кеңештин курамына кабыл алынат, кийин анын катуушуусу менен СССР мамлекетинин экономикага байланыштуу кɵп конфликтүү маселелери чечкиндүү жана натыйжалуу чечилген. 1991-жылы Союздун акыркы мезгилдеринин бири болгон Путч (мамлекеттик тɵңкɵрүш) мезгилинде, оор кырдаалда СССРдин Тышкы чалгындоо Кеңешинин тɵрагасы, андан кийин РФнын ушул эле кызматын аркалап, СССР МККнин (КГБсынын) тɵрагасынын орун басары болуп удаа эки иште иштеп турган.

1996-жылы РФнын тышкы иштер министри болуп иштеп, Жакынкы Чыгыш мамлекеттер проблемаларын ийгиликтүү чечип, ошол кезде мамлекетке эң керектүү чоң суммадагы 3 млрд. доллар акча каражаттары боюнча маселелерди ийгиликтүү чечим менен бүтүргɵн. 1996-жылы РФнын ошол кездеги президенти Борис Ельцин анын ишке тың кɵрɵгɵч, чечкиндүү, акылман тышкы саясат иштерине тың экендигин баалап, аны РФнын Премьер-министри кылып дайындаган.

Евгений Примаков бардык ишке абдан тың, алдын ала кɵрɵгɵч саясатчы жетекчи катары кɵп маселелелер боюнча Борис Ельциндин ооруган мезгилдеринде анын кийлигишүүсүз эле, ɵзү жеке профессионалдык деңгээлде чечим кабыл алып турган. 2001-жылы РФнын Соода-Өндүрүш палатасынын (ТППнын) кезексиз сьездинде палатанын Президенти болуп, 2011- жылдарга чейин жетекчилик кылып келди. 2008-жылы Евгений Примаков РИАнын мүчɵсү болуп жана Россия элге билим берүү Академиясынын Ардактуу мүчɵсү болгон. Ал РФнын Президенттик аппаратында болобу, Ѳкмɵтүк иштерде иштедиби бардык жерде эл аралык эң кɵрүнүктүү ишмер катары таанылып, тарыхта аты калып, аткарган иштери дайыма натыйжалуу аткарылып келди.

Эл арасында ал тууралуу мейли Россия боюнча, мейли ошол кездеги союз составынын республикаларынын бир да адамы Евгений Примаков тууралуу ушул убакка чейин эч ким жаман сɵз айта албады, себеби ал дайыма “Жети ɵлчɵп бир жолу кес” дегендей иш жасап жүрдү. Жеке жашоосу. Ал жашоосунда эки жолу үйлɵнгɵн, эки небере кызы, эки небере баласы бар. Анын биринчи аялы - НКВДнын генералы Гвишианинин багып алган кызы Лаура Харадзе. Лаура аялынан Александр деген уулу болгон, ал жаш кезинде жүрɵгү токтоп каза болот.

Кызы Нана. Александр баласынан жалгыз небереси Евгений атасынын псевдоним аты “Сандро” деген ат менен 1-каналда корреспондент болуп иштеген. Ал эми Нана кызы болсо атасына эки небере кызды тартуулаган. Биринчи аялы 7 жылдан кийин, 33 жашында ɵлгɵндɵн кийин, ɵзүнүн айыктыруучу врачы Ирина Борисовнага үйлɵнɵт. Жашоосунда жолдошу жана улуу баласынан айрылыш анын эң оор кайгысы болгон. Ушундай оор кайгыны билгизбей кɵтɵрдү.

Ал экинчи жолу үйлɵнүп, ал аялы менен биротоло жашап, 2015-жылы онкология оорусу менен 26-июнь 2015-жылы 85 жашында дүйнɵ менен коштошот. ххх Эми азыноолак Жусуп Абдрахманов тууралуу сɵз кыла кетели. Жусуп Абдрахманов жаш кезинен окууда тың окуп, орусча таза сүйлɵп Кыргыз АССРинин түзүлүшүнɵ орчундуу бирден бир салым кошкон Кыргыз АССРинин алгачкы Элдик Комиссариатынын тɵрагасы, алгачкы кѳрүнүктүү саясий ишмер болгон. Анын ɵмүрлүк жолдошу Гүльбахрам Абдрахманова болгон, андан Аида жана Ленина деген эки кызы жана Анвар Абдрахманов деген эркек баласы болгон.

Жети-Суу облусунун Ала-Тоо кыркасынын күнгɵй жана тескей беттериндеги Каратал жана Каракол уездьеринин эле эмес бардык аймактарда ошол кезде репрессия мезгилдеринде ɵз аталарынын бай турмушун жаап жашырууга туура келген мезгил болгон. Кɵп адамдар ɵз ата, теги бай экендигин жашырышып, репрессия мезгилдерине илинбей калыш үчүн ата-тегин ɵзгɵртүүгɵ туура келип, турмуш жашоолорун ɵткɵрүшкɵн. Адрахманов Юсуп (Жусуп) Абдрахманович, алгачкы советтик кɵрүнүктүү саясий ишмер, эң биринчи Кыргыз АССРинин Эл Комиссариатынын Тɵрагасы, андан сырткары ошол кездеги Казах АССРинин түптɵлүшүнɵ дагы орчундуу салым кошкон саясий активдүү ишмер болгон.

Бирок, тилекке каршы совет бийлигинин репрессия мезгилинин узун укуругу аны да “совет бийлигине каршы чыккан” деген күнɵɵ менен 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылдын 5-ноябрында атылган. Бирок, 1958-жылы акталган, 1989-жылы болсо партия мүчɵлүгү да калыптандырган. Эми Жусуп Абдрахманов менен Евгений Маркович Примаковдун байланышына ɵтɵлү. Жусуп Абдрахманов Виталий Маркович Примаков менен абдан тыгыз байланышта жакшы тааныш адамы болгон.

Анын ѳмүрлүк жолдошу Мария Яковлевна (Ароновна) Натансон-Довжикова менен да тыгыз байланышта болгон. Примаков Виталий Маркович граждандык согуштан кийин Россиядагы Командирлер Курсунун Академиясында (РККА) жогорку командирлер бѳлүмүн бүткѳн. Бул РККА Ленинград шаарында 1924-25-жылдары ачылып, ал командирлер курсун И. Х. Баграмян, А. И. Ерёменко, Г. К. Жуков, К. К. Рокоссовский алгачкы Советтер союзунун маршалдары окуган. Примаков Виталий Маркович ошол кезде Кытайдагы алгачкы түзүлгѳн 1-Улуттук армиянын кеӊешчиси болгон. Примаков Виталий Маркович кытай армиясынын Уставын жана офицерлер мектебин түзгѳн жана кытайда болгон кѳптѳгѳн согуштарга катышкан.

Ооганстандагы согуш атташесинде, япондор согуштук атташесинде иштеген жана кийин Германия академиясынын Генштабынын командиринин орун басары болуп иштеген. Ал жерден Түндүк-Кавказ согуш округунун командиринин орун басары, акырында РККАнын штабынын окуу-аскердик инспекторлор окуу жайынын орун басары болуп которулган, ошондой эле Ленинград согуш округунун командиринин орун басары болуп иштеген. Акырында СССРдин Элдик Коргоо Комиссарларынын мүчѳсү болгон. Кийин репресияга дуушар болуп атылган. Примаков Виталий Маркович мыйзамдуу 3 жолу үйлѳнгѳн. Биринчи никеси 1924-жылы Оксана Коцюбинская менен, экинчи никеси Мария Ароновна Довжик (1901-1991), үчүнчү никеси Лиле Брик менен болгон.

Виталий Примаков 1927-жылы СССРдин Афганистандагы атташесине 1927-жылы иштеген, анын мурдагы аялы Натансон Мария Яковлевна Кыргыз АССРине ѳкмѳттүк аппаратта тыгыз Жусуп Абдрахманов менен бирге иштеген же Анна Яковлевна Киршенблат Мария Яковлевна Натансон Троицкийдин жакшы жактоочусу катары билинип калып, кийин репрессия кысымына туш болуп Киев шаарына кетүүгѳ аргасыз болуп, ал жактан 1929-жылы Мария Яковлевна Натансон Евгений Примаковду тѳрѳгѳн. Ал жерден дагы репрессия кысымчылыгына туш болуп, Тбилиси шаарына кетүүгѳ аргасыз болгон. Тбилисиде окуп жүргѳндѳ Евгений Примаковду чогуу окуган балдары “азиат” деген ат менен аташкан.

Эмне үчүн “азиат” деп аталганы балким энеси Мария Яковлевнанын: “Биз Кыргызстандан келгенбиз” деп айтканы элге тарап кетсе керек. Киршенблат деген фамилиясы Кыргызстандын аты менен байланыштырып Киршенблат фамилиясын ɵзгɵртүп, Мария деген атты Анна деп ɵзгɵртгɵнгɵ аргасыз болгон. Ал эми Е. Примаков болсо “арабовед” болгон, кѳп жылдары Россиянын Тышкы чалгындоо бѳлүмүн башкарган. Касым-Жомарт Токаев Азыркы Кыргызстандын түндүк-чыгыш бɵлүгү болгон мурунку Жети-Суу облусунун “Калпа” деген айылында Жалайыр уруусунан Абдрахман деген бай адам болгон. Анын бир нече аялы жана балдары болгон.

Бизге бир үзүм кыргыз келечек тарыхына кɵңүл бурула турганы - Октябрь ревролюция мезгилдеринде оор мезгилдерди башынан ɵткɵрүшкɵн улуу баласы Жусуп жана Токо деген эки баласы тууралуу сɵз болмокчу. Ал Токо деген баласынан Касым жана Кемел деген эки уул, бир кыз тɵрɵлɵт, кыздын аты белгисиз. Совет бийлиги жаңыдан орноп, эл жаңыдан кыйынчылык тынчтык турмуштарында жашай баштаганда каргашалуу II Дүйнɵлүк согуш башталат, эптеп ачарчылыктан аман-эсен жашап чыккан ага-инилүү Касым менен Кемел экɵɵ теӊ Мекени үчүн согушка аттанышат.

Агасы Касым каргашалуу согуштан баатырларча согушуп каза табат, иниси Кемел кайра убакыт ɵтүп, ɵз айылына кайтып келет. Кемел кийип казак элинин детективдүү жазуучусу болуп чыга келет. Ал Кемел деген адамдан 24-май 1953-жылы Алма-Ата обласында Касым-Жоомарт Токоев тɵрɵлɵт. Касым-Жомарт Токаевдин андан аркы ɵмүр баяны тууралуу бардыгыбызга белгилүү.

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости