www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭСКЕРТҮҮ! Жарандарга  үйлөнүүгө убактылуу тыюу салынды

Кытайды каптаган коронавирус тумоосуна  байланыштуу, Пекинде тургундарга аза күтүү тажыясына катышууга жана үйлөнүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган эки учурда тең адамдар көп топтолгондуктан, вирустун жайылышына шарт түзүшү мүмкүн экендиги айтылып, убактылуу эки иш чарага чектөө коюлду.

Вирустун жайылышына бөгөт коюу жана алдын алуу иштерин аткаруу максатында жаштар үчүн маанилүү болгон дата, тагыраагы, 2020-жылдын 2-февралында (02.02.2020) үйлөнүүгө тыюу салды. Бул дата кытай тилинде “мен сени сүйөм” деген мааниге үндөш. Мындай дата 1000 жылда бир келгендиктен көпчүлүк болочок жубайлар бул датада үйлөнүүнү пландагандары айтылат. Картинки по запросу "китайский свадьба с маской""Эске салсак, Ухань шаарында чыккан коронавирустан каза болгондордун саны 213гө жетсе, ооругандардын саны 9 692ге жетти. Мындан сырткары, аталган вирус 18 өлкөгө тарап кетти.

Алар Түштүк Корея, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Германия, Финляндия, Бириккен Араб Эмираты жана Малайзия өлкөлөрү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости