www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АК 159/20 жатак абагында 11 адам ВИЧ дартын жуктуруп алган. Укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул маалыматты Informburo.kz басылмасы “Астана” телеканалына шилтеме кылып кабарлады. Маалыматта окуя Караганда облусунда орун алып, СПИД борборунун дарыгерлери соттолгондор ооруну баңги затын колдонуудан жуктуруп алышы мүмкүндүгүн болжолдоп жатышкандыгы айтылат.
СПИД борборунун дарыгери Мария Нуртазина бул факты боюнча “Ооруну жуктургандар атайын контингент болуп эсептелет. Жатак абактагылардын бардыгы иш менен камсыз болгон. Ошол иш ордуларынан жуктуруп алышкан деп божомолдоп жатабыз”, – дейт дарыгер.
Булак: NazarNews.kg