www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 30-январында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алуу учурунда Чүй областынын Аламүдүн районунун сот аткаруу кызматынын бөлүмүнүн соттук аткаруучусу 1982-ж.т. “Н.Т.” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, “Н.Т.” кызматтык абалынан пайдаланып “Ч.у.Э.” аттуу КР жаранынан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган.
Белгилей кетсек, аталган сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326- беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган адам КР УКМК Тергөө камак жайынын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш-иштин алкагында ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg