www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ ким бийликке каршы чыкса ошону колдоого ала турган болуп калды. Анткен, себеби бийлик АКШнын саясатына каршы ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ уюмдарына кирип, Орусиянын саясатын колдоп жатканы белгилүү. “Ким мени менен болбосо, ал менин душманым”- деген принципти колго алган Вашингтон Кыргызстанды Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен, Чад, Ирак, Судан, Венесуэла, Корея ЭДР мамлекеттери менен тең карап, Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания менен бирге кирүүгө тыюу салган мамлекеттердин катарына кошту. Биз менен ШКУлаш, ЖККУлаш, ЕАЭБдеш Белоруссиядан башкалары канкор, баңги затка батышкан, желдеттер баш кесерлерге толгон согушчул, эң жакыр мамлекеттер. Майли, АКШ кошсо кошо берсин бирок алардын Кыргызстанды бүлүнтүү максатында 4 млрд. 200 млн сомдук накта 60 млн.сомду жөнөтүп, СДПК сыяктуу соолуп бараткан партияларды колдоп жатканы элибизге керекпи?

Ийне жоголду, Шадиев каякта?

Аскар Шадиев Атамбаевдин вице-премьери болгон, Тажикстанга капчыгы үчүн губернатор кезинде жер берген дал ошол. Азыр Америка континенттинде гамбургер жеп чалкалап жүрөт. Анткени, анын колунда АКШ беш жылга берген визасы бар. Бул виза менен Кыргызстанды каалашыңча кайсап, кылтакка илинерде эптеп шуу коюп АКШга кире качсаң болот. Парламенттин 120 депутаттынын ичинде 15 депутаттын АКШ берген беш жылдык визасы бар:

  1. Биринчи орунда СДПК фракциясы турат. СДПКда беш адамдын АКШга беш жылдык визасы бар: Элвира Сурабалдиева, Аида Касмалиева, Дастан Бекешов, Азамат Арапбаев, Жанар Акаев.
  2. АКШтын беш жылдык визасын алгандар боюнча экинчи орунда “Кыргызстан” фракциясы турат: Дастанбек Жумабеков, Алмазбек Баатырбеков, Талайбек Масабиров.
  3. “Бир бол” фракциясынан фракция жетекчиси Алтынбек Сулайманов баш болуп, Исхак Пирматов төш болуп кошулган. Качып жүргөн Аскар Шадиев да бар.
  4.  “Манастан Чубак кем бекен?” деген принцип менен “Ата-Мекен” фракциясы алган: Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатьырын” бергиси келген Сайдулла Нышанов менен Бахадыр Сулайманов.
  5. Бабанов жетектеп келген “Республика-Ата-Журт” фракциясынан Динара Исаева.
  6. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Тынчтык Шайназаров.

Эми буларга бирден токтоло кетели, анткени булар Батыш менен кандайдыр жип менен байланган. Балким аларга “ышпыйон” болуп иштеп жүргөндүр:

Элвира Сурабалдиева

Атасы экс-депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин акчасына чалчаңдап Улуу Британиянын Бристол университетинин “Эл аралык мамилелер” адистигин алган. Чет элдик  өкүлдөр менен дайыма пикир алмашып,бирге чыгып, өзүн келечектеги парламентке өтүп кетиши үчүн аялзатына куйтуңдуп кылып, ар дайым Гендердик маселелер боюнча чыгып турат. Бизнестин битин сыгып, “Кудайберген” баш болгон бизнесинде аялзаттары бала –чакасын бага алышпай балтайып отурушат. Көмөк көрсөтсө ошолорго көрсөтө бербейби?

Аида Касмалиева

Батыштын басма маалыматтарында узакка иштеген. Айрыкча “Азаттыкта” көп жыл акактады.  Америкалык университте да иштеп, Атамбаевге жагып СДПКдан келген, Атамбаевдин ээри оогондо, биринчилерден саткынчылык кылган. Батышчыл мыйзамдарды жан-дили менен колдоп турат.

Дастан Бекешов

Батыш дегенде көздөрү жайнап кеткен, Дастан мырза  “Сокурлар жана дүлөйлөр” коомунан ЖКга келген, чыр чыккан жерде, митингдерде анын жүзү дайыма көрүнүп турат. “Фридом Хаус” жана ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен уюшулган иш-чаралардан баткак менен чапкыласа да качпайт. 2019-жылдын 25-ноябрда бийликке каршы өткөн “РЕакция” митингинин уюштуруучусу. Жубайы К.Көкөбаева энеси Л.Тантабаева менен 2018-жылдын декабрынан АКШда жашашат. Дастан Бекешов Кыргызстанды бүлгүнгө учуратып аларга жетип барууга дайым даяр.

Жанарбек Акаев

Батыш дегенде акактап өлүп калуучу “Азаттыкта” иштеген. Депутат болгон соң америкалык дипломаттар менен көз жоосун алган ресторандарда май чайнашкан. Алар менен чет элдик агенттер тууралуу , ЛГБТны үгүттөөгө каршы  ар кандай маселелерди талкуулап, АКШ тарапка ат тезегин кургатпай чапкылап турат.

Азамат Арапбаев

Кээ бир маалыматтар боюнча АКШ аймагында бизнеси бар. Анын улуу Данияр Улуу Британияда окуйт.Былтыркы жылы ал Лондондогу офисте кытайлык компаниялардын CNMC Ltd түстүү металлдарын казып алуу боюнчапрактикадан өткөн. Азамат мырза АКШ, Улуу Британияга гана эмес Кытайга да кыргыз элин сатып ийиши мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости