www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Хан бийке Диананын балдарына жазган катын анын кызматкери Пол Баррел Инстаграмга жарыялады. Ал мындай жол менен ханзаада Гарри менен Меган Марклга колдоо көрсөтүүнү чечкен.
Падыша кызматкери Диананын балдары менен түшкөн сүрөтүн жана анын катын тиркеп чыгарган.
Баррел сүрөттүн алдына бул 24 жыл мурун эненин баласына болгон сүйүүсү тууралуу жазылган сөздөр жана ал бүгүнкү күндө да маанилүү экенин жазып чыккан.
Падыша кызматкери каттын жарымын гана тиркеп койгон. Анын айтымында катта эң маанилүү сөздөр жазылган: “Мен балдарымды өмүрүм өткөнчө сүйөм жана мен сепкен үрөн керектүү күчтү, билим жана туруктуулукту алып келет деген ниетим бар”
Пол Баррел Диана баарынан мурда балдарынын бактылуугун кааламак деп баса белгилеп, ханзаада Гарри менен Меган Марклды колдоду.
“Кечээ мен хан бийке көп жыл мурун жазган катты таап алдым. Анын бир сабы чыгып кетиптир. Анда колго мынтип жазылган: “Мен өйдөнү карап жана күлүп жатам, сүйөм жана жашайм”. Мен бул Меган, Гарри жана Арчиге Канадада бактылуу жашоо каалаганга ылайыкталган сөздөр экенин сезип жатам”,-деп Баррел бөлүшкөн.
Булак: NazarNews.kg