www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Өзбекстандык студенттерди Ухань шаарынан чыгарып кетүүгө макулдугун берген жок.
Буга чейин Өзбекстандын элчиси Кытайдын Тышкы иштер министрлигинде болуп, анда Кытай тарап өлкөдө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус жүргөндүгүн маалымдап, ал дагы Кытайдагы чет элдик студенттердин эвакуацияланып кетишин колдоого албай тургандыгын белгилегендиги маалымдаган. Ошол эле учурда Тедрос Адхан Гебрейесус дүйнөлүк коомчулукту сабырдуулукка чакырып, жарандарды жалган маалыматтардан оолак болуусун өтүнгөндүгүн белгилешкен. Ошондуктан, Кытай тарап Өзбекстандык студенттерди Уханьдан чыгарып кетүү иш аракетин колдогон эмес.
Бирок, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директорунун демилгеси менен уюмдун чукул жыйыны өтүп анда профилдик комитет Кытайдагы коронавирус боюнча эл аралык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыялоону туура көргөн.
Булак: NazarNews.kg