www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдрахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: "Президентти алсыз, тажрыйбасы жок, ар кандай шектүү иштерге аралашкан адамдар курчап алышты...", деп "Ачык саясат" гезитине маек курган.
-Президенттин катуу сөзүнөн кийин ишин илтерилете албаган жогорку кызматтагылар өз эрки менен кызматтан кеткенге күчү жетеби?
-Андай болбойт го. Алар, тескерисинче, эптеп кызмат ордунда калып калууга аракет кылып чуркап жүрүшөт. Аларды ар кандай айла-амал алып келген табакташ «крышалары» да актап-жактаган маалыматтарды тарата башташты. Кыскасы, алар ишин жөндөй албай жатканын мойнуна алып, кызматтан кеткендин ордуна кызматын сактап калуунун айласын издеп жатышат.
-Мамлекетибиздин иши илгерилешине президент алсыздык кылып жатабы же өкмөт шалаакы болуп жатабы?
-Биринчиден.Президентти алсыз, тажрыйбасы жок, ар кандай шектүү иштерге аралашкан адамдар курчап алышты окшойт. Экинчиден, азыркы өкмөттүн 70 пайыздан ашууну өз милдетттерин аткара албай жатышат. Бирок, айтылган сындарга карабастан, эмнегедир аларды кетирбей, сактап келе жатышат. Жыйынтыгында, күн өткөн сайын кырдаал курчууда.
-Неге президенттин да, өкмөт башчынын да командасы алсыз деп сындашат. Аларга күчтүү команда түзүүгө ким тоскоолдук кылып жатат?
-Бул жерде бир топ факторлор бар. Биринчиси, алардын тегерегиндеги ар кандай саясий күчтөр. Андан кийинкиси, Жогорку Кеңештеги башкаруу коалициясына кирген фракциялардын кызмат орундарды бөлүп алуусу. Бирок, акыркы сөз ар дайым президент менен премьер-министрде болот. Ошон үчүн коомчулуктун сынына кабылып жатышат.
-Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жер алмашсак эле чечилип калабы?
- Албетте, толугу менен чечилбейт. Бирок, чыр-чатак көп чыгып жаткан Көкташ айылынын тегерегинде кырдаал онолууга шарт түзүлөт. Баштагыга караганда чыр азаят.
-Кыргыз саясатчылары депутат болбой калса эле эл арасындагы ордун жоготуп коёбу? Неге алар бийликтин партиясына кирүүгө ашыгышат?
-Саясатчылардын арасында да ар түрдүү адамдар бар. Кээ бир тажрыйбалуу, билимдүү, кесипкөй, мекенчил, таза, ар кандай шектүү иштерге аралашпаган саясатчылар парламештеби же андан тышкары деле мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатышат. Бирок, сиз айткандай ар дайым, кандайдыр бир айла-амалдар менен жаңы бийликтин командасына кирип алып, жеке маселелерин чечүү менен гана алек болгон шумпайлар да толтура.
Булак: NazarNews.kg