www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарды.

«Элит Хаус» компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Жазык кодексинин «Кылмышка кошо катышуу» (43-берене, 2-бөлүк) жана «Коррупция» (319-берене, 1-бөлүк) беренелери менен шек саналууда. Ага кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогон. Маалыматка ылайык, Файзиевдин ушул тапта кайда экени белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл январь айында Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында шаар курууга шайкештиги жана уруксат берчү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү системалуу куруу фактысын аныктаганын билдирген.

Текшерүүдө ири курулуш компанияларынын бири узак убакыт бою мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп келгени аныкталган.

Атайын кызмат тараптарга инженердик тармактарды, курулуш-монтаждоо иштерин эрежеден тышкары, мыйзамсыз жүргүзгөн, бул үйгө жайгашчу тургундардын өмүрүн тобокелге салган деген кине койгон.

УКМК кине коюлуп жаткан мамлекеттик органдын, андагы жооптуу кызматкерлердин жана ири курулуш компаниянын атын ачыкка чыгарган эмес. Бирок маалыматка «Элит Хаус» курулуш компаниясына таандык турак жай курулуштарынын сүрөттөрү тиркелген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости