www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуз шаар долбоорунун биринчи этабын ишке ашырган «Вега» компаниясынын ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Мындай чечим 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, депутаттар коопсуз шаар долбоору үчүн жарыяланган тендердин мыйзамдуулугунан баштап «Вега» компаниясынын аткарган ишин жана анын сапатын текшерип чыгат.

Комиссиянын курамына депутаттар Сайдолимжон Жураев, Рыскелди Момбеков, Марлен Маматалиев, Айгерим Бейшенбаева, Бейшеналы Нурдинов, Улукбек Садиков, Мейкинбек Абдалиев, Осмон Турдумамбетов, Айбек Осмонов, Мамасадык Бакиров, Шайлообек Атазов жана Шералы Абдылдаев кирди.

Өз максаттарына жол кырсыктарын азайтууну камтыган «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Кийинчерээк бул камералардын саны көбөйгөн.

2019-жылдан 2021-жылдын март айына чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 2 миллиондон ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталып, айдоочулардан жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке түшкөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости