www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкүбай экс-президент өзүнө жаңы эстелик коюу сунушун колдобогонун айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Билал Чакыжы Түркстан облусуна Назарбаевдин айкелин орнотууну демилгелеген.

“Мурункулары сыяктуу бул идеаны да элбашы (Казакстандын мурдагы президентинин расмий титулы – Ред.) колдобойт. Ага эстелик коюу, архитектуралык объектилерге атын ыйгаруу сыяктуу “сыйлыктар” жакпайт. Нурсултан Абишевич мындай көңүл буруу аракеттери өзүнө кажет эмес экенин айтып келет. Кээ бир кишилер атайлап ушундай маалыматтык чуу жаратып жаткандай сезилет. Ал буга чейин өз ысымын университет жана интеллектуалдык мектептерге берүүгө гана макул болгон”, – деди Укибай.

Эске салсак, буга чейин айрым эксперттер Түркстанда эстелик Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү – 6-июлда орнотулушу ыктымал экенин божомолдошкон.

2019-жылы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев баш калаа Астананы Нур-Султан кылып өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Мындан тышкары борбор шаардагы эл аралык аэропорттун аталышы дагы Нур-Султан деп өзгөртүлгөн.

Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин ысымы өлкөнүн бир катар облус борборлорундагы ири көчөлөргө берилген. Казакстанда анын бир нече эстелиги тургузулуп, сүрөтү ири купюрага түшүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости