www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрүстөндөн 50 миллион рубль табылды

Россиянын Краснодар крайында тергөөчүлөр көрүстөндөн 50 миллион рубль таап алышты. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, табылга Краснодардагы Славян көрүстөнүнөн табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, акчаны кылмыш иштеринин бирине тиешеси бар адам кылмыш жолу менен алган деп болжолдонууда.

Дагы бир Россиянын Kp.ru сайты белгилегендей, топ-менеджер акчаны борбордук аллеядагы белгиси жок мүрзөнүн жанына жашырып койгон. Баштыктагы акча суу болбосу үчүн скотч менен бекем байланган.

Ал эми «Москва 24» белгилегендей, акча салынган баштык электр тармактар ​​ишканасындагы коррупциялык ишти тергөө учурунда табылган. Департаменттин билдиришинче, компаниянын топ-менеджери 2020-жылдын сентябрь айында кол алдындагы кызматкерине карата текшерүү жүргүзүлөрү жөнүндө билген. Ал кесиптешине бул ишти жабуу үчүн тиешелүү чиновникке пара катары 10 миллион рубль которууга жардам берүүнү сунуш кылган. Кесиптеши макул болуп, бирок топ-менеджердин мыйзамсыз аракеттерин укук коргоочуларга билдирген.

8-октябрда тергөөчүлөр кеңседе жана соттолуучунун үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. 20 миллион рублдан ашык акча, 100 миң доллар, кымбат баалуу бренддердин 10го жакын сааттары, документтер, флэш-медиа каражаттары алынды, деп билдирет «Звезда» телеканалы.

Мындан сырткары, көрүстөндөн баштыкка оролгон 50млн рубльди табышкан.

Айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилди, деп жазат Ridus. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости