www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Косовонун мурдагы президенти Хашим Тачи аскердик кылмыштар боюнча сот жараянына катышуу үчүн кызматын тапшырып бергенден кийин Нидерланддагы тергөө изоляторуна которулду.

Белгилей кетсек, 1990-жылдарда Сербиядан көз каранды эмес өлкө болуу үчүн жүргөн согуштагы лидер Тачи менен кошо Косовонун Боштондук армиясынын мурдагы эки мүчөсү да Гаага шаарындагы изоляторго отургузулду.

Тачи ага аскердик жана адамзатка каршы кылмыш жасаган деген расмий айып коюлганын 5-ноябрда билдирген.

Ал эми прокуратура кылмышка шектүүлөр «100дөй кишини өлтүрүү» жана «адамдардын дайынсыз жоголуп, кыйноого жана куугунтукка кабылганы» үчүн кылмыш жообуна тартылууга тийиш деп билдирген.

Эске салсак, айып быйыл жайында коюлган, бирок айыпталуучулар ага макул эместигин билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости