www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада каракчылыкка шектүү 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда болжол менен саат 20:23 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Чүй жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен "тоноп кетишти" деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2002-жылы туулган У.А. аттуу баланы белгисиз жарандар кастет жана бычак менен коркутуп, Redmi Note 9 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун алып, качып кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Т.Э., 2001-жылы туулган М.К., жана 2004-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар кармалып, Биринчи Май РИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Текшерүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан бычак, уюлдук телефон, кастет, саат жана акчалар табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берененин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.  

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости