www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кездери Кожобек Рыспаев коомду дүрбүтүп, жеңил пиар менен аябай жаналекетке түшүп алек болуп жатат. Мындан улам өзү менен бирге иштешип, табакташ болгон депутаттардын да абийирин төккөндөн кайра тарткан жок.

Мына Рыспаев Японияга барганда аябай ичип мас болуп, жолугушуу иш чараларына барбай калганы, тыюу салынган жерлерде жосунсуз жоруктарга барганы үчүн айып төлөгөнү басма булактарында айтылып, жазылып келген.

Эми болсо анын баарын  кылган башкалар экенин Кожобек кобурады. Ал: «Айып пул төлөө боюнча маселе чыкканы чын. Нургазы Айдаров 700 доллар төлөгөн. Алимбеков, Эшимовдор сигарет чеккен. Аны өздөрү деле танбаса керек», - деп балп этти.

Кыскасы, жигиттик сапаты жоктугун, качан болсо сатып кетүүгө жөндөмдүү экенин айгинелиптир..

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости