www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарды. Маалыматтарда, сотто ал өз айыбын моюндап, өкүнгөнүн билдирген.

Бишкек ИИБнин маалымат кызматы 30-мартта жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында ИИМдин кызматкерлери кичи райондордун биринде эркек кишини текшергенде оң бутундагы байпагынан полиэтилен баштыкчасын табышканын билдирген. Баштыкчадан порошок түрүндөгү ак түстөгү зат чыккан. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында ал 0,591гр салмактагы Альфа PVP” деп аталган психотроптук зат экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБси Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (“Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү”) менен кылмыш ишин козгогон.

Кармалган адам экс-депутат, экс-вице-спикер Асия Сасыкбаеванын уулу – 1989-жылы туулган Марат Айтимбетов болуп чыккан. Ага карата соттун 2 айга камакка алуу жөнүндө чечими чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости