www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр Казакстанда өткөн ЭКСПО-2017 жарманкесинин алкагында Көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат болгон. Ага катышкан кыргыз көк-бөрүчүлөрүн финалда казак көкпарчылары камчылап, таяктап жүрүп жеңишти эптеп эңип кетишкен болчу.Алардын кыргыз жигиттерин аёосуз камчылап жатышканы видеотасмаларда даана көрүнүп турат. Ага чейин болуп жүргөн көк-бөрү мелдештеринде кыргыздардын үстөмдүк менен ойноп келиши, өзгөчө 2016-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак оюнчуларынын кыргыздарга 15:3 эсеби менен жеңилиши чыныгы лидердин ким экендигин ачык айгинелеп койгон.

Быйыл Кыргызстанда өткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өз аттарын үйүнө таштай келген казак жигиттери эл алдында маскара болгону калганда кыргыз жигиттери алдындагы атын түшүп берип мелдешке катышууга жол ачып беришти. Буга да алымсынбаган талапчыл казак боордоштор ар шылтоонун башын бир айтып отуруп, баары бир аягында финалга да жетпей, жарым финалда өзбек көк-бөрүчүлөрүнө утулуп калды. Былтыр таяк жеп уугуп калган кыргыз жигиттерине казактардын бул жоругу катуу тийди. Анткени, казак көкпарчылары кыргыз жигиттерине чыгууга батына алышпай, атайылап өзбектерге утулуп беришкени даана көрүнүп турган. Көк-бөрүчү Талас Бегалиев казак жигиттери отурган жерге атайы барып, алардын намысын козгогон ачуу сөздөрүн жаадырып келгени да бекеринен эмес эле.

Казак оюнчуларынын өзбек көк-бөрүчүлөрүнө утулушун казак ММКлары да катуу сындап жазышууда.“Өзбектен көкпардан утулушубуз кыргызга кыр көрсөткөнүбүзбү? Өткөндө ат жок деп догурундук эле. Эми, эмне, кирерге тешик таппай калдык. Казакстандын көкпарчылары финалда кыргы менен кездешпөөнүн амалын ушундай тапканбы? Же мунун артында жемкорлуктун жели барбы?” деп ачуу суроолорду салууда.

Астанада казактар кыргыз көк-бөрүчүлөрүн таяктап, арсыз аракеттери менен дүйнөгө чыныгы жүзүн көрсө түшкөндө кыргыздын жаш акыны Азим Сатымкулов ыр менен боордошторго болгон капалыгын билдирген.

Пир тутушуп эр Сыпатайбаатырды,

Көк пар дешип дүйнө жүзүн чакырды.

Казак тууган коноктосупжерине,

Айлуутүндөуйкусуз таңатырды.

 

Казак эли араң эле жатканбы,

Дүйнө эли биздедешипмактанды.

А бизжактанкөкбөрүгөкыргыздын,

Аныккөк жал жигиттериаттанды.

 

Ар биртарапөз-өзүнчө жар салат,

Өз абийирин намыс менен калкалап.

Казагым да,кыргызым да жемиштүү,

Кележаттыэки жакты талкалап.

 

Финал болду казак-кыргызбеттеши,

Эмнесебепкыргыздардыкектеши.

Казактарым аброюн түшүрүп,

Керек эле ушунчагакетпеши.

 

Кетти аттиң көздөн жашым тамчылап,

Ичим күйүп эт жүрөгүм жанчылат.

Утуларын анык сезди казагым,

Кирди анан кыргыздарды камчылап.

 

Ачык эле тартып турду калысы,

Алдына-ала сатылгангоанысы.

Жер жайнаган казактардын биринде,

Калбаптырго Абылайдын намысы.

 

Ооба анан биринчини алышты,

Эптеп септеп төрт муляжды салышты.

Эске албай акыйкатсыз өздөрүн,

Жердеги жок баатыр сезип калышты.

 

Берди кыргыз бул оюнда кезекти,

Терди элеңго "Көчмөндөрдө" тезекти.

Же баурумун уттуңбу андагы,

Он беш-үчкө теңеп койгон эсепти?

 

Бизге жетет Эр Манастын батасы,

Чечип койду калыссыздын катасы.

Биз эле эмес бүткүл дүйнө айтууда,

Кыргыздар деп көк бөрүнүн атасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости