www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын арада өкмөттүн маселеси каралып, премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиевди айдаганы калышыптыр. Угушубузга караганда, премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин каратышат экен. Максат Чүйдөн аброй топтоо, Атамбаевдин аброюн Чүйдөн алсыратуу болушу мүмкүн. Эгер ал болбой калса, мурдагы УКМК башчысы Абдил Сегизбаевдин талапкерлиги кийинки кезекте турат деп жатышат.

Учурда коомчулук, "Абдил Сегизбаев Атамбаевди сатып кетти, анын берген маалыматынын негизинде Сапар Исаков камакка алыныптыр" деген ой-пикирлерди айтышууда. Эгер Сапар Исаковдун ордуна Абдил Сегизбаев премьер-министр болмок экенин эске алганыбызда, коомчулукта айтылган сөздүн чындыгы бардай. Сапар менен Абдилдин ортосунда ырк кеткени ырас.

Анын үстүнө Абдилге генерал наамын Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге айтып жатып бердиргени боюнча да аңыз кептер бар. Кандай болгон күндө да, Сегизбаевдин кадамдары коомчулуктун көзөмөлүндө тургансыйт. Учурда анын ар бир баскан кадамы элге кызык болууда. Көчөдө жүргөн жеринен сүрөткө тартып интернетке жүктөп жатышат. Эмнеси болсо да убакыт өзү тараза болоор...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости