www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көзү азиз акын Темирлан Ормуков Фейсбуктагы баракчасына Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаттын берилишине байланыштуу соттон утуп чыкканын жазды.
Буга чейин, ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна , БШКнын Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп табуу талабы менен кайрылган.
Өмүрбек Текебаев өзү соттун чечими жөнүндө эч нерсе билбестигин айтты.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Бардык инстанциялардын соттору аларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.
2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүп, 29-августта алар үй камагына бошотулган.
Булак: NazarNews.kg