www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Биринчи май райондук соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу Ормуков «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыккан. Ал эми мындан ары Жогорку сотко, Конституциялык палатага барарын билдирген.
Бул маалыматты «Ата Мекен» партиясынын лидери өзү да ырастады. Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалады:
«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат».
Өмүрбек Текебаевдин айтымында, соттун бул чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча сот чечими тууралуу маалымат бере элек.
«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазгандан кийин Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда алган.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.
Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралып жатат.
Булак: NazarNews.kg