www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жаңы шайланган Мамлекет башчысынын инаугурация аземине журналисттердин катышуусу боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди.
--“Өлкөнүн жаңы шайланган Президентинин кызматка киришүү аземи республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Иш-чарага негизинен катардагы жарандар, ошондой эле коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышат. Эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу максатында журналисттерди аккредитациялоо иши жүргүзүлгөн жок. Себеби иш-чара онлайн тартипте чагылдырылат. Инаугурацияга ата мекендик жана чет элдик алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери мейман катары гана чакырылды», - деп белгилейт басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg