www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл октябрда өтүшү мүмкүн. Бул маселе өлкө парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасында 25-январда талкууланды.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, Каракалпакстандын президентин, Мыйзам чыгаруу палатасын жана Жогорку Кеңешин (парламент), ошондой эле облустардын, райондордун жана шаарлардын өкүлчүлүктүү органдарын шайлоо — алардын конституциялык мөөнөтү аяктаган жылы декабрдын үчүнчү декадасынын алгачкы жекшембисинде өтүшү керек.

Дүйшөмбү күнү каралган «Шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга байланыштуу Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунда шайлоо күнүн октябрдын үчүнчү декадасынын биринчи жекшембисине которуу сунушталууда.

Эгер бул өзгөртүүлөр жактырылса, Өзбекстанда президенттик шайлоо 2021-жылы 24-октябрда өтүшү мүмкүн.

Президент Шавкат Мирзиёев өткөн жылы декабрда парламенттеги кайрылуусунда «2021-жылкы президенттик шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өтүшү керектигин» айткан.

Өзбекстан Конституциясынын 90-беренесинде президент жалпы улуттук, тең жана түз шайлоо укуктарынын негизинде жарандар тарабынан жашыруун түрдө беш жылга шайлана турганы жазылган.

Өзбекстанда акыркы президенттик шайлоо 2016-жылы 4-декабрда өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости