www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК 2026-жылдын 2-февралында коррупциялык көрүнүштөргө каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда мезгил-мезгили менен жасалма кезектерди уюштурганы үчүн Ош облусу боюнча КР УКМКнын Чек ара кызматынын «Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы А.Н.О. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган кызмат адамы ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн системалуу түрдө акчалай сыйлык алып турганы, ошондой эле чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген айрым адамдарга колдоо көрсөтүп келгендиги аныкталган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча активдүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда, ошондой эле мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Последние новости