www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу Саиф Каддафи өлтүрүлгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары, араб телеканалдары жазышты. 

Саудиялык Al Hadath телеканалы  53 жаштагы Саиф Каддафини Ливиянын батыш тарабындагы Зинтан шаарынан алыс эмес жерде атып кетишкенин маалымдады. 

AFP агенттиги Саиф Каддафи киши колдуу болгонун Каддафинин туугандарына жана кеңешчисине шилтеме кылып кабарлады. 

Айрым булактарда төрт маскчан киши Каддафинин үйүнө кирип, видео байкоо системаларын өчүрүп, андан кийин атып өлтүрүшкөнү айтылууда — бирок мунун себептери жана так шарттары азырынча так айтыла элек.

Саиф Каддафи – Ливияны 1979-жылдан 2011-жылга чейин башкарган Муаммар Каддафинин экинчи уулу. Саиф мамлекеттик расмий кызматтарда иштеген эмес. Бирок 2011-жылы режим кулаганга чейин тышкы саясий жана ички маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектеп турган.

Муаммар Каддафинин режими кулагандан кийин Саиф кармалып, тынч элге каршы кылмышка айыпталып, өлүм жазасына тартылган. 2017-жылы ал бошотулганы маалым болгон. 2021-жылы Саиф Каддафи Ливиянын президенттигине ат салышарын жарыялаган, бирок шайлоо жылып кеткен.

Ливия 2011-жылдан бери жарандык согуш жана саясий туруксуз кырдаалда турат. Өлкө бийлигин бир нече топ бөлүп алган. Борбор калаа Триполи кошулган батыш тарабы БУУнун колдоосундагы Улуттук биримдик өкмөтүнүн көзөмөлүндө, чыгыш тарапты Халифа Хафтар баштаган Ливиянын улуттук армиясы көзөмөлдөйт.

Последние новости