www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен Украинанын ортосундагы саясий кризистен улам тутанган согуштук жаңжалдын кесепетинен дүйнөдө геосаясаттагы баланс жаңыланууга душар болууда. Америка бир полярдуу гегемониялык үстөмдүк саясатын орнотуу аракетин көрсө, Россия ага жол бербөө үчүн көп полярдуулук системаны жактаган позицияны карманууда. Мындан улам, Россия Американын айдагына көнгөн бүтүндөй Батыш өлкөлөрү менен НАТОнун курамындагы мамлекеттердин Украинаны бута катары пайдаланган арам максаттарын иш жүзүнө ашырбай таш каптырып, шайын оодарды. Башкача айтканда Россия жалгыз өзү бир жарым жылдан бери дүйнөдөгү мен деген аскерий кубаты күчтүү, экономикасы бай Америка башында турган НАТОго кирген 50 мамлекеттин Украинага "донор" болуп көрсөткөн аскерий ар түркүн жардамына карабай, жакынкы аралыкта суук түшкөнгө чейин жеңишти камсыздоо алдында турат. 

Буга байланыштуу Америка жана НАТОнун аскерий күчтөрү  Россияга Польша тарабынан экинчи фронт ачууну максат кылган менен даабай жатса, 
ошол эле учурда Киевди Ирак, Афганстан, Сирия сыяктуу ара жолго жалгыз таштап сала албай аргасы түгөнүп турат.
 
Ошондой болсо да Америка өзүнүн гегемониялык бир полярдуу үстөмдүк саясатын орнотуу кыялынан баш тартчу түрү жок. Дегенибиз, Пентагон башчысынын мурунку кеңешчиси Дуглас Макгрегор белгилегендей, Батыш Украинанын аймагына кирүү үчүн "ыктыярчылардын коалициясын" түзүү тууралуу билдирүүсү бекеринен эмес. Альянс Россия менен акыркы украиналык, поляк, литвалык, латвиялык, эстониялык калгыча кармашууга даяр. Мында негизги ролду Польша менен Литва ойномокчу.  Варшава Украинанын Львов, Ивано-Франковск жана Тернополь облустарын кошуп алууга эбактан эле даярданып, кызыкдар болуп келет. Ошол себептен НАТОдогулар Москва менен тынчтык боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап жибербесе экен деп тилеп отурат. Себеби көптөн бери Беларусь менен чектешкен чыгыш чек арасына аскер күчүн жайгаштырып даярдык көрүп жатат. 

Россия президенти Владимир Путин мындан бир ай мурда эле 21-июль күнү Польша бийлиги НАТОнун калкалоосу менен коалиция түзүп, Украинадагы жаңжалга түз кийлигишип, майлуураак жеринен ала калууга аракет кылып жатканын билдирген. Польша менен Литванын биргелешип басып кирүүсү толук мүмкүн экенин Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин да бир нече ирет эскерткен. 

Польша жана Литва өз шыбагасын үзүп калууга жан үрөп жатканынын себеби, бүгүнкү күндө Россияга бир топ эле каршы мамлекеттерде да Украинанын жеңерине ишеним тайды. "Украин долбоору" ишке ашпай калганы барган сайын анык болуп бара жатат. Батыш Украинанын Куралдуу күчтөрү НАТОнун жардамы аркылуу контрчабуулдун ыкчам маселелерин аскерий-технологиялык жактан чече албай турганына ынангандай. Мына ошол себептен НАТОнун Польша, Литва тараптан "прибалтикалык" прокси-фронтун ачуу абийир сактайт деген ишенимде. Анткен менен атайын операция башталгандан бери альянстын согуштук арсеналы кыйла азайганы маалым. Учурда керек болсо АКШнын Аскердик өнөр жай комплекси (НАТО аскер өнөр жайынын 90 пайызын түзөт) Украинаны зарыл болгон 155 миллиметрлүү артиллериялык снаряд менен камсыздоого кудурети жетпей турат. Америка бүгүнкү күнгө дейре Киев үчүн планетанын ар кай жагында жайгашкан союздаш мамлекеттеринен бардык запасты алып беришти. Израиль 300 миң, Түштүк Корея 100 миң снаряд берди. Батыш өндүрүшүнөн чыккан Patriot, NASAMS, IRIS-T сыяктуу  зениттик-ракеталык комплекстер жөнөтүлдү. Бирок мунун баары Украина Куралдуу күчтөрүнүн артиллериясына жардам бере албады. Украина бир айда 160 Patriot комплексин колдонууда. Бул АКШ бир жылда чыгара турган көлөм. Ушул абалды эске алганда, НАТОнун ок-дарысы "Прибалтика" фронтун ачып, "чыгыш крестерин" кайтарууга (крес — Польшанын азыркы Украинанын территориясын атоосу ) жетеби деген күмөндүү суроо курч турат?  

Ал эми россиялык коргонуу-өнөр жай комплекси жыл ичинде зарыл болгон курал-жарак менен ок-дары өндүрүүнү 10 эсеге көбөйттү. Бул дагы чек эмес. Учурда Россия аскердик-саясий жана аскер-технологиялык жарышта алдыда баратат. Мына жакында эле "Патриот" паркынын полигонунда 1,5 миң россиялык ишкана аскердик багыттагы заманбап продукциянын 28,5 миң үлгүсүн тартуулады. Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык аскердик-техникалык "Армия-2023" форумунун ачылышында, улуттук кызыкчылыгын, көз карандысыз өнүгүү жолун көздөгөн, өзүн коргой алган коопсуздук системасын түзүүгө дилгир болгон бардык өлкө менен кызматташууга ачыктыгын өз кайрылуусунда билдирди. Өз сөзүндө ал Россия ар бир мамлекетти мыктап коргогон коопсуздук системасын биргеликте түзүү өтө маанилүү деп эсептей турганын белгиледи.

Айтор, Америка башында турган Батыш жана НАТОго кирген өлкөлөрдүн Россияны чачыратып ресурстарын бөлүп кетүүнү көздөгөн тирешүүдө Украинаны кол жоолук катары пайдаланган арам максат, кыялдары ишке ашпай, согушта жеңилишти деген сөзгө калбай кырдаалдан кантип чыгыштын ар түркүн амалдарын караштырышып алапайларын таппай турушат. 

НАТО башкы катчысынын кеңсе жетекчиси Стиан Йенссен Украина жеринин бир бөлүгүн Россияга өткөрүп берсе уюмга мүчө болуп кириши мүмкүндүгү тууралуу жыландын башын кылтыйткан билдирүүсү жөн жерден айтылган жок. Мына бир мезгилде глобалисттик элитанын сүймөнчүгү болгон экономист, профессор Жеффи Сакс сыяктуу айрымдардын АКШ Украинаны өзүнүн олжосу катары көрөрүн, экинчиден, аны "экинчи Афганстанга айландырууну" көздөй турганы боюнча айткандары кырдаал өтө оор экенин кабар берет. Ошол себептен, азыркы тапта Украинаны "Европалык Афганистан" катары баалай баштагандар бар. 

Анткени, Американын Афганистанды жыйырма жыл бою "прогресске" жана батыш баалуулуктарын кабыл алууга мажбурлоосу акыры башаламандык жана аскердик-саясий жеңилүү менен аяктады. Батыштын акчасы менен күн көрүп келген өлкө бийлигин Америка колдоосуз, коргоосуз ара жолго таштап, жайдак калтырды. Натыйжада, өлкө башчысы Ашраф Гани башында турган жетекчилер эптеп качып кетүүгө үлгүрдү. 
Америка жана анын коргоосундабыз дегендер азыркы кризисте деле дал жогорудагыдай абалга жакындап калды. Америка, Батыш Россияны теңсинбей, анын баалуулуктарын көңүлгө албай жатып, натыйжада саясий да, аскердик да жеңилүүгө дуушар болуп жатышат. Экономикада да, согуш талаасында да жоготууга учуроодо.

Демек, Америка жана анын аскерий өнөктөштөрү Афганистандан кандай качышса, эртеби-кечпи, Америка, НАТО Украинадан дагы качып жөнөйт. "Леопардын" да, "Брэдлисин" да, "Абрамстарын" да, "Патриотун" да карабайт. "Геосаясатка" жамынып кол жоолукка айланткан Украина дароо чоочун өлкөгө айланат да, талаада жалгыз калат. Ошондон улам, Украинаны экинчи "Европалык Афганистан" атап жатышат. 

Айтор, көрөгөч жана мыкты стратег Владимир Путин Америка башында турган бүтүндөй Батышты жана аскерий альянс НАТОнун шайын оодарып жерин кеңейтсе, экинчи Владимир Зеленский Украинаны "Европалык Афганистанга" айландырып, мамлекет катары жок кылмай болду. 

Азыркы тапта Батыштын аскерий абалын сөз кылбаганда да, экономикалык жактан өтө кыйын абалга кептелди. Кымбатчылык, инфляция болуп көрбөгөндөй өстү. Европанын эли Украинага берилип жаткан жардамдары жектеп, кымбатчылыктын айынан бийлигин күнөөлөп, митинг акцияларына чыгып, нааразы болгондор көбөйдү. 

Баягы Украинадан алган арзан дан азыктарынан, Россиядан текей газдан кол жуушуп, кымбатчылыктын кээрин тартып жатышат. Согуштун кесепетинен Украинанын Батышты камсыздап турган дан эгиндери күйүп кетти. Түшүм жок. Россия болсо быйыл дан азыктарын, арпа, буудайды Европага эмес, Африка өлкөлөрүнө берерин билдирди. Бул жагдай Батышта инфляциянын өсүшүн дагы жогорулатып, жарандарын социалдык жарылууга дейре жеткириши мүмкүн. 

Ток этээрин айтканда, Путин баарысын дүңүнөн киргизчү жерине киргизди. Азыркы тапта Россиянын аскерлери Киевди карай күнүнө 2 километрден Украинанын аскерлери турган аймактарды бошотуп, алдыга жылып баратат. Күн сууктап, кыш түшкөнчө эки жылга созулуп кеткен аскердик операция соңуна чыгышы ыктымал...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости