www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Криминалдык чөйрөдө аты белгилүү Бахтиер Кудратуллаевдин («Бахти Ташкентский» деген ысым менен таанымал) улуу уулу Бекзод Зафаров опузалоо жана алдамчылык үчүн жалпы режимдеги колонияда 11 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатып, өткөн жашоосу жана өкүнүчү тууралуу ойлору менен бөлүштү. 

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жарыялаган видеоматериалда ал атасынын кылмыштуу жолун улантууга умтулганы чоң ката болгонун билдирген.

- Мен атамдын жолу менен кетип, анын ордун ээлейм деп ойлочумун. Ошол кезде ойлогонумдун баары чоң жаңылыштык болуп чыкты, - деп айткан Зафаров.

Ал өз күнөөсүн толук моюнуна алып, кылмыш дүйнөсүнөн алыс болууга чакырып, адал эмгек, үй-бүлө жана эркиндик абак менен салыштырып болбой турганын белгилеген. 

Эске салсак, 1994-жылы туулган Бекзод Зафаров 11 жылга эркинен ажыратылган. Анын иниси Ихтиер 9 жылга, ал эми атасы Бахтиер Кудратуллаев 20 жылга соттолгон.

Последние новости