www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Адилет Касенов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Касеновдун баш коргоо чарасы ден соолугуна байланыштуу сентябрь айында эле өзгөртүлгөн. Ал камакка алынганга чейин инсультка кабылган.

Белгилей кетсек, ал буга чейин ал УКМКнын СИЗОсунда отурган.

Эске салсак, май айында “Алтуха” жана башка кримавторитеттерди УКМК кызматкерлери кармашкан. Анда атайын кызматтар кылмышка шектүүлөр ишкерлерден жана башка жарандардан Кытайдан алынып келинген эл керектөөчү товарларды алып, Кыргызстанга жана КМШнын башка өлкөлөрүнө сатып жүргөнүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости