www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Крымдын чыгышындагы машыгуу полигонунда өрт чыгып, Таврида автожолу жабылды. Бул тууралуу жарым аралдын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксенов билдирди. Ал өрттүн келип чыгуу себептери тууралуу толук маалымат берген жок.
Аксенов полигонго жакын аймакта жайгашкан төрт конуштун эки миңге жакын тургуну эвакуацияланганын билдирди. Крымдын бийлиги автоунаа жана автобус кыймылынын схемасын өзгөрттү. Темир жол транспорту өзгөрүүсүз иштейт.
Расмий тактала элек маалыматтарга караганда, Старый Крым шаарына жакын жердеги ок-дары сакталган кампа өрттөнүп, жарылуулар болууда. "Крымский ветер" Телеграм каналы билдиргендей, кампага үч ракета же учкучсуз учак тийген. Машыгуу полигону фронттун эң жакынкы чегинен 230 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Булак: NazarNews.kg