www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель айы түркүн түстүү окуяларга бай болчудай болуп туру. Эртең, 3-апрелде Сагынбек Абдырахманов башында турган топ «КСДП Атамбаевсиз» съездин өткөрүү аракетинде жүрсө, 6-апрелде Алмазбек Атамбаев КСДПнын съездин өткөрөм деп турат. Анын эртеси 7-апрель күнү «Апрель окуяларын» эскерүү, айды этектеп 23-апрелде камактагы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрө тургандыгын шардана кылышты. Жаз айларында митинг десе эле жүрөк болк дейт. Айтор, бул жылдын апрель айында эгемендүү Кыргызстаныбыз үчүн олуттуу учур болуп туру.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтен өч алуу аракети, ачык билдирүүлөрү кыйла жылдан бери өз орду менен келе жаткан 20 жылдык тарыхы бар КСДП партиясы абдан кыйын кырдаалга кептелип, кризиске кабылып олтурат.

Сагынбек Абдырахмановдун съезд өткөрүү максаты партияны бөлүп жаруу, талкалоо деп бүтүм чыгарышууда. Анан да Абдырахмановдун аракети мыйзамсыз дешүүдө. Айтор, ар кандай божомол-анализдер байма-бай айтылууда.

Эми ток этээрине келели. Башында сөз болгондой тарыхы бар партияны бөлүп жаруу максаттардын келип чыгышына ким күнөөлүу? Албетте партия лидеринин салымы бар да. Башкасын айтпаганда дагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы 17-марттагы Аксы окуясын эскерип жаткандагы сүйлөгөн сөздөрү бир топ эле партиялаштарын эки анжы ойго салып, бир топ элдин кыжырын кайнатты. «Партиянын мындан аркы тагдыры кандай болот?» деген суроого жооп табылбай турат. Ансыз да аргасы куруп турган КСДП эки башка өткөн съездди көтөрө алабы, анын келечек тагдыры кандай болот? Мындан аркы тагдыры кандай болот? Атамбаев менен Абдрахмановдун партия талашуусу эмнеге алып келет? Жөнөкөй партия мүчөлөрү ким ди ээрчийт? Экс-президенттиби же берки топтубу? Арбын соболдорго жооп таба албай башыбыз маң…

Аныгында партиянын бөлүнүп-жарылуусу анын лидеринин көз карашына, иш алып баруусуна тыгыз байланыштуу эмеспи. Бир сөз менен айтканда партиянын лидери кандай кадам таштаса партиянын келечеги ошондой болот дегендей. Бул деген партияны жаман кезде дагы, жакшы кезде дагы баардык түйшүктү лидер тартыш керек. Кызматтан түшкөндө партияны эстеп, кызматка жеткенде партияны экинчи «планга» таштабай. КСДП партиясы буга чейин кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн билебиз. Бул күндөр да өтөт. Баарына мезгил өз баасын берип, орду ордуна коет.

«Партия талаш» маселесинин өзөгүндө Президент турат дегендер, а түгүл, «Жээнбековдор Атамбаевден КСДП партиясын тартып алганы жатат» деген да сөздөрдү таратканга үлгүрүштү. Бирок, президенттин КСДП партиясы тууралуу бир ооз пикирин уга элекпиз.

Ооба, кезинде Сооронбай Жээнбеков башында турган адамдар СДПК партиясынын түштүк аймагы боюнча түйшүгүн тарткан. Ысыгына күйүп, суугуна тоңгон дегендей. Мурунку президенттердин КСДП партиясына жасаган кысымын көрүшкөн, азабын бирге тарткан. 2015-жылга чейинки баардык шайлоолордо Жээнбековдордун салымы менен ийгиликтерге жетишип келген десек жанылышпайбыз. Эми алучур артта калды. Ал башка сөз дейли.

Учурдагы кырдаал боюнча айтсак, партиянын доору бүтүп, башкача айтканда жыргалы бүтүп «кууралы» келгенде лидери ар кимди күнөөлөбөй туңгуюктан жол таап чыгып кетпейби дегиң келет. Кимибиз эмне деп айтпайлы, мезгил тараза эмеспи. Келечеги кандай болот көрө жаталы…

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Последние новости