www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж.Байпакбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасында “жашыл” экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомдук кеңеши Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен бирдикте 2019-жылдын 5-апрелинде саат 11.00дө Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында “Химиялык заттарды, калдыктарды, генномодифицирленген организмдерди жана жандуу жаратылыш объекттерин трансчек аралык которуштурууну жөнгө салуу” темасында парламенттик угууларды өткөрүүнү пландаштырып жатат.

Глобалдаштыруу химиялык заттарды жана калдыктарды, биологиялык жана генетикалык ресурстарды, ошондой эле адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, курчап турган чөйрө жана жандуу жаратылыш объекттери үчүн коркунучтуу болгон генномодифицирленген организмдерди сатуунун жана колдонуунун кыйла өсүшүнө алып келгендигине көңүл буруу менен;

Эскирген, контрабандалык жана контрафакттык пестициддерди мыйзамсыз жүгүртүүдөн келип чыккан экологиялык көйгөйлөр  жарандардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч түзүп, азык-түлүк коопсуздугун  камсыз кылууга жана сапаттуу айыл чарба азыктарын сатууга, демек, ЕАЭБөлкөлөрүнүн жана атап айтканда Кыргыз Республикасынын фермерлерининбакубаттыгына түздөн-түз таасир тийгизе тургандыгына өзгөчө көңүл буруу керек;

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында керектөөчүлөргө сатылып жаткан продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча, ошондой эле аларды сатып өткөрүү баскычында продукциялардын коопсуздугу жаатында ЕАЭБ техникалык регламенттери жана ченемдик документтери менен белгиленген талаптардын сакталышына көзөмөлдүк кылуу жок.     

ЕАЭБдин ар башка өлкөлөрүндө химиялык заттардын, калдыктардын, ГМО, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн  ж.б жүгүртүлүшүн жөнгө салган курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдар жана эл аралык макулдашуулардын тизмектери олуттуу айырмалана тургандыктан ЕАЭБ ичинде, ошондой эле ЕАЭБ чек арасын кесип өтүүдө жөнгө салуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгуу зарыл, бул өз кезегинде  товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде жаратылышты коргоо багытындагыларды сатууну чектөөгө түздөн-түз таасир тийгизет.

Парламенттик угуулардын резолюциясынын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү тапшыруу сунуш кылынат:

- мыйзамдардын жана укук колдонуу практикасынын деңгээлинде укуктук коллизияларды жана “ак тактарды” табуу жана товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр ЕАЭБ чегинде жана андан тышкары бажы чек араларынан өтүүдө мүчө-өлкөлөрдүн курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык макулдашуулары менен жөнгө салынган мыйзамдарды унификациялоо механизмдерин киргизүүнү баштоо;

- керектөөчүлөргө сатылган продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча, ошондой элеКыргыз Республикасынын аймагында аларды сатып өткөрүү баскычында продукциялардын коопсуздугу жаатында ЕАЭБ техникалык регламенттери жана ченемдик документтери менен белгиленген талаптардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылуу;

- ЕАЭБ чек араларынын чегинде химиялык заттарды жана калдыктарды, биологиялык жана генетикалык ресурстарды, ошондой эле адамдын өмүрү, ден соолугу, курчап турган чөйрө жана жандуу табияттын объекттери үчүн коркунучтуу болгон генномодифицирленгенорганизмдерди мыйзамсыз жүгүртүүнүболтурбоонукамсыз кыла турган мыйзамдарды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүү;

- Бирликтин чегинде (документтерди өз ара таануу, бажылык жол-жоболоштуруу жана чек араларды кесип өтүү ж.б.), ошондой эле товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн ЕАЭБ бажы аймагынын чегинен тышкары которуштурууда курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык макулдашууларды жүзөгө ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу;

- ЕАЭБ Комиссиясынын базасында тыюу салынган жана уруксат кылынган пестициддердинтизмелерин инвентаризациялоо жүргүзүү жана ЕАЭБ бүткүл мейкиндигинде кыйла катуу талаптар боюнча бирдиктүү тизме жөнүндө чечим кабыл алуу;

- ЕАЭБ Комиссиясына Базель, Роттердам, Стокгольм, Минаматконвенцияларына, Монреал протоколуна карата бирдиктүү мамилени, химиялык заттарды эл аралыкжөнгө салууга (ХЗЭЖСМ), жок болуп кетүү коркунучу астында турган жапайы фауна жана флоранын түрлөрүн эл аралык сатуу жөнүндө Конвенцияга (СИТЕС), биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөНагой, КартахенПротоколдоруна карата стратегиялык мамилени иштеп чыгуу жөнүндө маселени кароону сунуш кылуу.

ЕАЭБ ар башка өлкөлөрүндө өндүрүшчүлөр менен берүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчиликтери жөнүндөмыйзамдар өнүгүүнүн ар кандай баскычында тургандыктан калдыктарды азайтуунун экономикалыкмеханизмдерин шайкеш  келтирүү боюнча ишти баштоо керек. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде чыгарылган (эгерде өндүрүү жана чогултуу бир өлкөдө жүргүзүлсө, ал эми товар башка өлкөгө которуштурулса, тиешелүүлүгүнө жараша  ошол жакта утилдештирилет) товарлардын транзити  (мисалы, электрондук жабдуулар) жана транзиттик которуштурууда өз ара эсептешүүлөр жана бажы документтерин жол-жоболоштуруу маселесин чечүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости