www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубан Чороев менен БШКнын соттук отуруму башталды

Бүгүн, 12- декабрда президенттикке талапкер Кубан Чороевдин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы соттук отуруму өтүп жатат.

Эске салсак, Кубан Чороев 10-декабрда БШКнын өзүн шайлоого катышуудан четтеткенине каршы арызданган. Ал эч кандай мыйзам бузбаганын айтууда.

Президенттик кызмат ордуна талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактары жараксыз деп таанылганын Борбордук шайлоо комиссиясы 9-декабрда кабарлаган.

Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү кол топтоо баракчаларын 3-декабрда тапшырган. БШКнын маалыматына караганда, кол коюу барактары шайлоо фондунан акча төлөнө электе эле жасалганы аныкталган. Бул мыйзамга каршы келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости