www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Султанбек Моңолбаев өз заманынын чыгаан уулу болгон. 1894-жылы Кара-Буура районундагы Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Моңолбай баласынын акыл-эсинин зиректиги, токтоолугу, жашоого болгон көз карашынын тереңдигин өзгөчөлүгүн байкап, аны Олуя-Атадагы (азыркы Тараз шаары) өзбек улутундагы досуна алып барат. Эртеңки күнү бала үчүн келечегинин эшиги ачылгандай болду. Ал Олуя-Атадагы орус-тузем мектебине акыркы тизмеге илинип калат. Мектептен сабатын жоюп, орус тилин эркин сүйлөп калат. Олуя-Атага жыйынга барган бай-болуштар кыргыздын тоголок жүздүү кара каш, кара көз чырайлуу орус тилин так сүйлөгөн баланы көрүп, аны өздөрүнө тилмеч катары жыйындарда ээрчитип жүрүшкөн.
Олуя-Атадан окуусун бүтүрүп, жогорку билим алууга шарты болбой өз айылына келет. “Кыйра” уруусунан чыккан Нурманбет болуштун чакыруусу менен ага катчы болуп иштеп калат. Ошол кезде Султанбек 15 гана жашта экен. Көп өтпөй эле “Дос” уруусунун болушу Иманбек менен бирге иштейт. Ал өзүнүн иниси Мүзүрөтбекти кошуп берет. Алар менен бирге болуштардын жыйындарына катышып, алардын талаш-тартыштарына, жер маселелерине, саясий талкууларына күбө болуп көзү ачылып такшалат.
Совет бийлиги орногондо Султанбек Моңолбаев өкмөт тарапка кызмат кылат. Талас аймагындагы бий-болуштардын үстүнөн көзөмөл кылып турат. Пенде көп, бирок адилет, асыл адамдар аз. Адамгерчилиги, сабаттуулугу, боорукер, чынчылдыгы менен жүрөгү таза элим деген адамдардын бири эле. Султанбек өзү кыйын кезеңде жогорку билим алууга шарты келбегендиктен, туугандарынан зирек, мыкты балдарды чыгарууну көздөп жүргөн. Ошол кезде Султанбекке Ташкентте окуп жүргөн Төрөкул Айтматовдон кат келет. “Эркинбек экөөбүз Москвага окууга барсак деп жатабыз. Бирок каражат тартыш болуп жатат”- деген.
Султанбек багыш уруусунун Канай болушунун көргөзмөсү менен багыш уруусундагы эң барктуу Алымбек байдын Актоту аттуу акылдуу, келбеттүү, сулуу кызына үйлөнөт. Аялы Актотунун атасы белекке берген “Зингер” тигүүчү кол машинасын күрөөгө коюп Төрөкул Айтматовду Москвага окууга жөнөтөт. Кийин Эркинбек Эсенаманов окуусун бүтүрүп келип, борбордо жогорку кызматта иштеп калат. Султанбектин улуу кызы Гүлжамиланы иниси Райкан Шүкүрбековго алып берет. Гүлжамийла Ташкенттеги медицина институнда окуп жүргөн болот. Атасы камалганда окуудан чыгарып жиберип, кийин ооруп каза болот.
Султанбек Олуя Атада жашап совет бийлигине кызмат кылган. Андан кийин Талас шайлоо комитетинин мүчөсү, Талас облусу боюнча старчын Кара-Буура (Киров) районунда инспектор болуп иштейт. Кийин райондун борборун Грозныйга которуп, темир жолго жакыныраак деп, Грозный аймагынын партиялык уюмунун биринчи секретарлык кызматына иштөөнү сунушташат. “Каргашалуу күн” же “кыямат күн” дейбизби, айтор Султанбекти башка кыргыздын репрессияга кабылган чыгаан уулдары сыяктуу кызмат ордунан кармап алып кетет. Аны Таластын абагына камашат. Репрессия күндөн-күнгө күч алып, НКВДнын адамдары үйдү тинтип бир куран китеп менен бир калибрдүү тапанча (мыйзамдуу) гана табышат.
Султанбектин төртүнчү кызы 86 жаштагы Султанбекова Бүкөн апа балалык чагы оор күндөрдө өткөнүн эскерет. Ал “эл душманынын кызы” делинип тээ жаш чагынан чыйрак өскөн кызды эл да, бирге окуган балдар кыздар да, араларына кошпогон. Ал түгүл мугалимдер да салкын көз карашта болушкан. Тууган-туушкандары да боюн ала качышып четтетип турган. Бирок Бүкөн апа, Чыңгыз, Ильгиз, Розалар менен аралаш чогуу өскөн. Нагима энебиз Бүкөндү апаны өз кызындай көрүп жакшы мамиледе болгон. Кийин да, алардан кол үзүшпөй катташышып, Чыңгыздын акыл-кеңештерине сугарылган.
Атам Султанбек 1937-жылы камакка алынып, 14-декабрда Тройки НКВД тарабынан өлүм жазасына өкүм чыгып атылып кеткен. Сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү белгисиз болгон. Кийин 1957-жылы 5-августта Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан акталган деп эскерет Бүкөн апа.
Султанбекова Бүкөн апа чөбөрөсү менен
Батма БАЙЫМБЕТОВА
Булак: NazarNews.kg