www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы, Кубанычбек мырза, бүгүнкү Жапаров менен Текебаевди боштондукка чыгаруу боюнча эки тараптуу митинг кандай болду?

--Митингге түшүнбөдүм, талаптары ар башка, ар кими ар башка сүйлөдү, баягы эле сөздөр баягы эле көздөр. Өмүрбек Текебаев ушулардын сөзүнө муктажбы, ал өзү дасыккан юрист болсо... Эмне үчүн бүгүнкү эл өкулдөрү мурдагы президент алмазбек Атамбаев бийликте турганда ушундай талап менен чыгышкан эмес, кеп ошондо. Ушундай суроо бере алдыңарбы? –Жок. Анткени булар ошол учурда Атамбаевге каршы чыга алышкан эмес, коркушкан.

--Кечээ Атамбаев жана анын командасы Текебаев менен Жапаровду камактан чыгаруу боюнча чукул жыйын өткөрдү. Бир аз уят эмеспи...өзү камап алып өзү чыгаргыла дегени ...

--Бул киши боюнча андай-мындай деген айтуу деле болбойт. Бул сөздөрү үчүн уят. Атамбаевге сөз жок.

--Кандайча сөз жок...

--Бул кечээ эмне кылды эле бүгүн эмне кылды. Биртике айткан сөздөрүн анализдеп койсо болмок да. Өзү камап алып өзү чыгаргыла деген – жиндилик. Бул кишиге акыл үйрөткөн вазирлерин жана өзүн тез арада текшертиш керек.

--Эмнеге?

--Кыргызстанда Атамбаев өзү эле акылдуу, калганыбыз акмак, же бул акмак калганыбыз акылдуу да. Жаш өспүрүм  бала дагы Атамбаевдей сүйлөбөйт.

--Кыргызстанга бүгүн митинг керекпи?

--Бүгүнкү митинг эч нерсе чечпейт. Баары мыйзамдын негизинде болушу керек. Чынында Текебаевди мыйзамсыз камаган. Мындай мыйзамсыз камалгандар Атамбаевдин тушунда  өтө көбөйгөн. 

--Алмазбек Атамбаев,  КР Президенти Сооронбай Жээнбековго көп эле жолу “атака” жасап, ар кандай сын-пикирди айтып келе жатат. Бирок Жээнбеков бир дагы жолу үн катпады. Эмнеге?

--Жээнбековдун бул кадамы туптуура. Атамбаевге көңүл буруштун кереги жок. Анткени Алмазбек Шаршенович өзү “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген эмес беле...Жээнбеков ушул тактикага өткөн окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости