www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Орусиядагы соода өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчиси Кубанычбек Кожоев Кыргызстандын Москва шаарындагы маданий-көргөзмө борбору ошол убактагы премьер-министр Темир Сариевдин айынан талкаланып, дагы деле иштебей турганын айтты. Кыргызстандын Орусиядагы соода өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчиси эми ал павильон кайра калыбына келеби же келбейби деп бушайман. Төмөндө биз Кубанычбек Кожоевдин катын жарыялайбыз.

“Кечээ жакында Москва шаарында казак эли үчүн тарыхый күндөрдүн бири болду. Орусиянын борборунда казак улутун кылымдарга даңазалай турган Казакстандын заңгыраган улуттук павильонун Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев салтанаттуу түрдө ачып беришти.

Улуу совет элинин биримдигинин жана достугунун символу болгон ВДНХ 80 жашка толуп, жаңыланып, кайра жаралууда. Казакстандын улуттук павильону оймо-чиймелери, жасалгалары жана ажайып асман тиреген мозаика айнек куполу менен ВДНХдагы эң кооз имараттардын бири болуп калды. Ар дайым кыйындардын кыйыны болууга умтулган намыстуу казак боордошторубузду көптөн күткөн улуттук үйүнүн ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Ал эми, мигрант инвесторлордун жеке каражаты жана күчү менен ачылып, эми өнүгө баштаган ВДНХдагы кыргыз павильонун көрө албас “дежур диаспора” менен напсиси жаман Темир Сариев чырылдатып туруп буздуртуп, тартып алганына беш жылдын жүзү болуптур. Ошолордун ушагына ишенген мамлекет бүгүн павильонду кайра ача албай бушайман, себеби, алар даяр ашка көз арткан намысы жок адамдар экени билинип калды. Өкмөт кыйналып турганда, ошолордун бирөөсү да кыргыз павильонуна инвестор болуп, өздөрү кура алышкан жок. Дагы деле мамлекет куруп берсе, биз колдонсок, жесек деген жаман ойлору менен алектенишүүдө.

Эми миллиондогон каражат кетирип эстондордун ичи-сыртында чочконун келбети бар, эски үйүн бүтүрө албай убарабыз. Чындыгында, ВДНХдагы кыргыздын тарыхий өз павильонун кайра калыбына келтирүү боюнча чоң пландарыбыз ишке ашпай калганы терең өкүндүрөт. Кайран гана кыргыз элибиз!”

Кубанычбек Кожоев, Кыргызстандын Орусиядагы соода өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчиси

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости