www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишин карады.

Билдирүүгө ылайык, соттор коллегиясы экс-мэрдин мурунку инстанцияларынын өкүмдөрүн өзгөрттү. Кубанычбек Кулматовдун айып пулу кыскартылды. Буга чейин Ленин райондук сотунун өкүмүнө ылайык, ал 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Жогорку сот бул чечимди өзгөртүп, бул сумманы 4 миллион 400 миң сомго түшүрдү.

Албек Ибраимовго чыгарылган өкүм күчүндө калтырылды – 15 жылга эркинен ажыратуу. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин ал качып жүрөт.

Ошондой эле Бишкек мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановго 130 миң сом айып пул салынды, “Альта Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеев мамлекетке 50 миң сом, “Айкөл курулуш” компаниясынын мурдагы директору Сейиткан Алиевге 70 миң сом салынды. Бул ишке катышкан дагы үч адам – ​​Дмитрий Яковлев, Бакыт Турусбеков жана Азамат Гүлжигитов 30 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту Албек Ибраимовду 15 жылга, Кубанычбек Кулматовду айыпка жыккан Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости