www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чимкириктер” деп аталган парламент жаңы Конституциянын долбоорун чакыртып алышы керек. Мындай пикирин бүгүн, 20-ноябрда коомдук ишмер Кубат Оторбаев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы Конституциянын долбоору таң калтырат.

«Бүгүн гана Конституциялык кеңешме түзүлдү. Жыйын бүгүн гана өттү. Бардык процедуралар бузулуп жатат», – деди Оторбаев.

Юрист Нурлан Мамытов конституциялык реформанын зарылдыгы жөнүндө айтты.

Анын айтымында, жаңы долбоор башкаруу системасы кандай болушу керек, шайлоо системасы кандай болушу керек, эл мамлекеттик бийликти кантип көзөмөлдөйт деген суроолорго жооп бериши керек.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон 89 киши катышууда. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев аталган кеңешмеге төрагалык кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости