www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын  тарых музейинин жана конференц-холлунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынынын басып өткөн жолу кенен, тажрыйбасы терең жана мыкты материалдык-техникалык базага ээ.

«Окуу жайы 80 жылдык тарыхында 40 миңден ашуун кең профилдеги адистерди даярдап чыгарды. Азыркы учурда медициналык академия мамлекеттик эң ири тапшырыкты - медициналык  кадрларды, анын ичинде Кыргызстанда эле эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн да адистерди  даярдоодо. Бул адистерге билим берүү үч тилде (кыргыз, орус, англис) жүргүзүлүп келе жатат. Дүйнөнү каптаган пандемия учурунда Кыргызстан үчүн сиздердин жана  сиздер билим берген медицина кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз. Сиздер, медицина кызматкерлери “кызыл зона” деп аталган согуш талаасында  өз элиңиздердин  ден соолугу үчүн 24 саат бою күрөштүңүздөр! Дарыгерлерибиздин эмгегине таазим этүү менен дагы бир ирет ыраазычылык билдиребиз. Ал эми академиянын жамаатына жаратман эмгекти, гүлдөп-өнүгүүнү жана алдыңкы дарыгерлердин муунун тарбиялап чыгууда албан ийгиликтерди каалап кетем», - деп кошумчалады Эльвира Сурабалдиева.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр мекендештерди санитардык-гигиеналык талаптарды тыкыр сактоо аркылуу эпидемиологиялык абалды турукташртырууга  колдон келген салымын кошуу, анын ичинде маскалык режимди сактоо жана социалдык обочолонуу эрежелерин аткаруу менен коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө күч-аракетти бириктирүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости