www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери туруктуу жашаган жери жок, көчөдө түнөп жаткан жарандарды убактылуу баш калкалоочу жайга жайгаштырып жатышат. 

«Суукта үй-жайсыз калган жарандарга Милициянын кайгуул кызматы өз убагында ыкчам жардам көрсөтүп, көчөлөрдө тоңуп калган, жер астындагы ысык суу түтүктөрүндө баш калкалаган, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддеринде, чоң көпүрөлөрдүн астында убактылуу баш калкалаган 29 адам “Коломто” муниципалдык баш калкалоочу жайына жеткирилди. Алар ысык тамак жана убактылуу түнөөчү жай менен камсыздалып, ошондой эле медициналык жардам алышат», - деп айтылат Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Бул багыттагы жардамга муктаж жарандар тууралуу «102» кызматы аркылуу кабарласа болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости