www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жаткан бүгүнкү, 20-ноябрдагы отурумунда коомдук - консультативдик кеңешменин алкагында бир катар сунуштар көтөрүлүүдө.

Коомдук ишмер Турсунбек Акун: "Аткаруу бийлигинин орду, адам укуктары боюнча беренелер, партиялык тизменин зарыл же зарыл эместигин тактоо шарттарын так аныктоо абзел", - деп билдирди.

Ошондой эле Элдик курултайдын ролу тууралуу маселе көтөргөн өкүлдөр да болушту. Муну менен катар мамлекеттик башкаруу формасын чечкиндүү чечим менен бышыктап, элдин пикирин таразалаган  калыс кадам жасоо сунуштары айтылды. Бул үчүн Конституциялык кеңешменин расмий сайты иш алып барары белгиленди. Анда Баш мыйзамдын жаңы долбооруна сунушталып жаткан демилгелер чагылдырылып турат.

"Конституция жазууда котормо иши өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат, - деген окумуштуулар да болду. Буга жооп берген Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев: "Конституция эне тилибизде жазылат", - деди.

Эске салсак, Конституциялык Кеңешме ишемби күндөрү да иштеп, атайын түзүлгөн катчылык элден келген сунуштарды толук каттап, кабыл алып турат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости