www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубатбек Боронов дарыгерлерден кечирим сурады

Бүгүн, 13-апрель күнү биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын ишмердүүлүгү тууралуу онлайн жыйын берди.

"Медицина кызматкерлеринин оорусу боюнча атайын адистерден турган комиссия иштеп жатат. Чет мамлекеттен маселени чечүү үчүн адистерге кайрылганбыз. Жакын арада бул боюнча маалымат берилет", - деди биринчи вице-премьер.
"Мен буга чейин брифингде жыйын бергенде айрым медицина кызматкерлери өзүнө алып алган учур болуп жатат. Мен бирөөнүн жеке маселесин эмес, жалпы кызматкерлерге тийиштүү айткам. Медицина кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сурайм. Эгер туура эмес болуп, абийириңиздерге шек келип калса, кечирим сурайм", - деди Боронов

Эске сала кетсек, бүгүн, 13-апрелде депутат Дастан Бекешов Кубатбек Бороновдун: "Дарыгерлердин бирин ажы тойго барып, коронавирус жуктурган",-деп такталбаган маалымат айтканы үчүн кызматтык териштирүү жүрүүсү керектигин айткан болчу. 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости