www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-апрелде Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн жыйын берип, жашоочулардын суроолоруна жооп берди.

Жыйын учурунда Кара-Суу районунун тургуну кызы медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам каза болуп калганын айтып, медицина кызматкерлерине кандай чаралар көрүлө турганын сурады.

"Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн тургуну болом. Айылдагы медицина кызматкерлери кызымдын дене табы 42ге жогорулап кетсе да карабай коюшкан. Ошол күнү анализинин жыйынтыгынан коронавирус аныкталган эмес. Тилекке каршы, кызыбыз каза болуп калды. Дарыгерлер анализдин жыйынтыгын тактабай, өздөрү дүрбөлөңгө түшүп, наристенин өлүмүнө себепкер болду. Медицина кызматкерлеринин бул аракетине баа берилеби?"-деп комендантка суроо узатты.

Ошондой эле, ал иниси менен келини 9-апрель күнү 9-апрель күнү обсервациядан үйгө чыгарылганын кошучап, элдин баары алардан качып жатышканын баса белгиледи.

Анын айтымында, келини шаардык обсервацияда 14 күн жаткан. Иниси менен келининен коронавирустун белгилери аныкталган эмес. Кызынын анализинен дагы коронавирус  чыккан эмес.

Нурдинов алгач жаранга комендатуранын атынан көңүл айтып, төмөнкүдөй жооп узатты.

"Жергиликтүү медицина кызматкерлери антына бек турбай, кооптонуп, убагында тез жардам көрсөтпөсө, бизге арыз менен кайрылыңыз. Толук кандуу текшерип, жооп беребиз", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости