www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ички иштер министри Сулейман Сойлунун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу түркиялык маалымат булактар билдирүүдө.

Сойлу эки күндүк коменданттык саат киргизгени үчүн сынга кабылган соң кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын “Твиттер” аркылуу маалымдаган.

Түркияда коменданттык саат жума күнү кечинде, күчүнө кирерге бир нече саат гана калганда жарыяланган. Ушундан улам элдин баары дүкөндөргө чуркап, узун кезектер пайда болгон. Оппозиция өкмөттүн мындай чечими “коронавирустун жайылуу коркунучун күчөткөнүн” айтып, Сойлунун ишин сындаган.

Түркияда эки жума мурун пандемияга карабай Стамбулдагы каналдын курулушуна тендер өткөргөнү үчүн транспорт министри кызматтан кеткен. Аталган өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 57 миң кишиге, жугуштуу илдеттен каза тапкандардын саны 1200 адамга жеткен.

Белгилей кетсек, Түркияда коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстанга уча албай калган 300дөн ашуун жаран өз мекенине жете албай, кыргыз бийлигинен жардам сурап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости