www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноябрда коронавирустун жаңы толкуну башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Кытайдын "Хуашань" ооруканасындагы жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн башчысы, COVID-19 вирусун айыктыруу боюнча ыкчам топтун жетекчиси Чжан Вэньхун билдиргенин ЖМКлар жазып чыгышты.

Дарыгердин айтымында, бул жайда адам баласы толугу менен коронавирус пандемиясын жеңе албайт.

"Коронавирус Түштүк Америка, Африка, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жайыла баштады. Бул математикалык моделден улам кыш келгенде кайра баары үйүндө отуруп калышы ыктымал", - деди кытайлык дарыгер.

Чжан Вэньхун башынан өткөргөн тажрыйбадан улам диагностика жаатында жаңы толкун азыркы эпидемиядай курч маселе жаратпай турганын баса белгиледи.

"Бирок Африка, Түштүк Америкадагы мамлекеттер сыяктуу өлкөлөрдө медициналык ресурстар жетишсиз болгондуктан кийинки кыш да, сыягы, оңой болбойт", — деп божомолдогон эксперт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости