www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Папан айыл өкмөтүндө дене табы жогорулап каза болду делген наристе 9 айлык болгон. Ал ооруканада дарыланып жаткан. Балдардын целебралдык шал оорусу менен жабыркап, канында инфекция бар болчу. Бул тууралуу айыл өкмөттөгү оорукананын башкы дарыгери Аширкан Турдумаматова ЖМКларга билдирди
Бүгүн, 13-апрелде түз эфирде Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдиновго Кара-Суу районунун тургуну кызы медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам каза болгонун билдирген.
Аширкан Турдумаматованын айтымында, 9 айлык наристе буга чейин декабрь, январь айларында Ош шаардык балдардын инфекциялык ооруканасында дарыланган. Ал наристенин өлүмү коронавирус менен байланышпаганын айтты.
«Өзү балдардын целебралдык шал оорусу менен жабыркап, канында инфекция бар болгону үчүн дайым дене табы жогору болуп жүрчү. 31-март күнү ооруканабызга келгенинен унаабыз менен Ош шаардык балдардын инфекциялык ооруканасына алып барганбыз. Ал ооруканадан 4-апрель күнү кайра бизге которушту. Анткени аны дарылаган дарыгерден коронавирус инфекциясы аныкталыптыр. 7-апрель күнү санэпидемстанциянын кызматкерлери биздин оорукананы карантинге жаап, коронавируска анализ алышты. Азыр ооруканабызда карантин. Бала менен байланышта болгон дарыгерлерден, бизден дагы коронавирус аныкталган жок. Бүгүн дагы текшерүү болот. Ошону күтүп отурабыз. 9 айлык наристе 9-апрель күнү каза болду. Анын ата-энесинен, эжесинен анализ алынган. Алардан коронавирус аныкталган эмес. Каза болгон наристенин чоң ата, чоң энеси дагы чогуу жашашчу экен. Алардан да анализ алабыз. Каза болгон наристени колубуздан келишинче карадык. Биздин ооруканада жандандыруу бөлүмү жок. Жандандыруу бөлүмүнүн адиси дагы жок. Дарыгерлер жетишсиз. Наристе декабрь, январда балдардын ооруканасында 10 күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан», — деди А.Турдумаматова.
Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Курбанбек Мияшевдин айтымында, каза болгон наристенин атасы анализ тапшырганга каршы болгондуктан, милиция кызматкерлери тарабынан мажбур түрдө анализ тапшырууга алынып барат.
Буга чейин Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн тургуну айылындагы медицина кызматкерлери кызынын дене табы 42 градуска жогорулап кетсе да карабай коюшканын айткан.
Жергиликтүү тургун: «Ошол күнү анализинин жыйынтыгынан коронавирус аныкталган эмес. Кызыбыз каза болуп калды. Иним менен келиним 9-апрель күнү обсервациядан үйгө чыгарылды. Элдин баары бизден качып жатышат. Келиним шаардык обсервацияда 14 күн жаткан. Иним менен келинимден коронавирустун белгилери аныкталган жок. Кызынын анализинен дагы коронавирус аныкталган эмес. Дарыгерлер анализдин жыйынтыгын тактабай, өздөрү дүрбөлөңгө түшүп, наристенин өлүмүнө себепкер болду десем жаңылышпайм. Медицина кызматкерлеринин бул аракетине баа берилеби?», — деп комендант М.Нурдиновго суроо узаткан.
Булак: NazarNews.kg